Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-декабры № 769
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-октябрындагы № 504 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттолуучу, чыгарылуучу (оролгон) жана сатылуучу чайга бажы маркаларын киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу" токтому.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |