Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруунун жогору натыйжалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.";
- аталган токтом менен бекитилген "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
бүткүл текст боюнча "ЭӨСМ" деген аббревиатура "ЭТМ" аббревиатурасына алмаштырылсын;
6-пунктта "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2-этап бүткөндөн кийин 1 ай" деген сөздөр "аткаруу бийлиги органдары үчүн 2010-жылдын 1-апрелине чейин, ЖӨБ органдары үчүн 2011-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктта "Аткаруу мөөнөтү" деген графасындагы "2-этап бүткөндөн кийин 1 ай" деген сөздөр "2011-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |