КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 164
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-июлундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 16 жана 19-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |