Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-мартындагы № 153
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2010-жылы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2010-жылы жазгы-талаа иштерин өз убагында жана уюштурулган түрдө жүргүзүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун мындан ары чыңдоо жана камсыздоо максатында:
1. 2010-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2010-жылы жазгы-талаа, оруп-жыюу жана күзгү-талаа иштеринин бүткүл комплексин даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди оперативдүү чечүү боюнча республикалык штаб 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- 2010-жылы түшүм алуу үчүн ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн аткарууга алышсын;
- облустарда жана райондордо 2010-жыл мезгилинде себүү жана оруп-жыюу иштерин өткөрүүгө байланыштуу маселелерди оперативдүү кароо жана чечүү боюнча жумушчу штабдарды түзүшсүн;
- айдоо аянттарынын белгиленген түзүмүн ар бир айыл округуна жеткирсин жана анын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына күндөлүк контролдоону камсыз кылышсын;
- себүү иштеринин белгиленген программасын аткаруу үчүн жазгы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу жана гибрид үрөндөрүн себүү кондициясына жеткирүүнү жана дарылоону, топтоону өз убагында уюштурсун;
- колдо болгон ишке жарамдуу себүүчү, жер айдоочу жана ташуучу айыл чарба техникаларынын баарын оңдоп, ишке даярдоочу тиешелүү тейлөө кызматтарын жеринде жөнгө салсын;
- күйүүчү-майлоочу материалдардын (дизелдик отундун, автобензиндин, дизелдик майдын жана автолдун) керектүү көлөмдөрүн жана үрөндөрдү, айыл чарба машиналарына запастык тетиктерди, ошондой эле үрөн сатып алуу үчүн микрокредиттик агенттиктер аркылуу финансы каражаттарын бөлүү боюнча көмөк көрсөтүшсүн;
- азот, фосфор жана калий минералдык жер семирткичтерин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын үзгүлтүксүз сатуу үчүн соода фирмаларынын жана компанияларынын өкүлдөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүшсүн;
- ички чарбалык сугат тармагынын ремонтун өз убагында өткөрүүнү уюштурушсун;
- күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн бардык аянтын азот минералдык жер семирткичтер менен эрте жазда азыктандырууну уюштурушсун;
- кийинки чарбалык жылга сорттуу үрөндөрдүн керектүү запасын түзүү жана топтоо, жетиштүү камсыздоо үчүн, айрыкча жаздык буудайдын жана арпанын үрөнчүлүк айдоолорун эрте даярдоо иштерин жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- ушул жылы жазгы жана күзгү себүүгө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн супер элита, элита үрөндөрүн жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сатып алууга «Кредиттер, ссудалар, заемдор» беренеси боюнча республикалык бюджетте каралган 46,55 млн. сомду бөлүп берсин;
- 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында суу чарба объекттерин оңдоо, калыбына келтирүү үчүн жылдык акча каражаттын 70 % ин бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги:
- үрөндү тездетип көбөйтүү үчүн аларды үрөн чарбаларына берүү жана кийин аларды өндүрүшкө киргизүү максатында республиканын үрөнчүлүк чарбаларында жазгы буудай менен арпанын супер-элита жана элита үрөндөрүнүн дефициттик жана келечектүү сортторун түздөн түз сатып алуусун уюштурсун;
- учурдагы жазгы себүүнү керектүү толук көлөмдө жана аларды себүүнүн алдында дарылоону жүргүзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу жана гибрид үрөндөрү менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө жазгы буудай менен жазгы арпанын супер-элита жана элита сорттуу үрөндөрүн сатып алуу баасын аныктасын.
7. «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна «2008-жылдын 27-ноябрындагы «2009-жылдагы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 114 токтомуна ылайык «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна бөлүнүп берилген, кайтарылган товардык кредиттерди кийинки мезгилдердеги талаа жумуштарын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-сентябрындагы № 486-б буйругунун 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында баяндалган шарттарда реинвестициялоо сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн вегетациялык сугатын өткөрүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги суу чарба объекттеринин ремонтто-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бөлүп берген акча каражаттарын өздөштүрүүнү, ошондой эле мамлекеттик насос станциялары, скважиналары жана өндүрүштүк тиричиликтик муктаждыктарына керектеген электр-энергиясына акы төлөөнү камсыз кылып, коллектордук-дренаждык тармактарды эксплуатациялоого жана ремонттоо-калыбына келтирүү иштерине каралган финансылык каражаттардын көлөмүн камсыздасын.
9. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы 2010-жылдын 20-мартынан кечиктирилбеген мөөнөттө кант кызылчасы чийки затын өндүрүүчүлөр жана «Кайыңды кант» ачык акционердик коому» жана «Кошой» акционердик коому» кантты кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосундагы кабыл алуу жана кайра иштетүү келишимдерин түзүүнү уюштурсун жана өз убагында аяктасын.
10. «Кыргызтамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясы 2010-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө тамеки рыногуна инвесторлорду тартуу боюнча уюштуруучулук иш-чараларын жана тамеки чийки затын өндүрүү жана сатуу келишимдерди түзүүнү 1-тиркемеге ылайык жүргүзсүн.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Ү.Жапаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
1-тиркеме
2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын болжолдуу түзүмү
(миң.га)
Өсүмдүктөрдүн аталышы | Республика боюнча | анын ичинде облустар боюнча | ||||||
Баткен | ЖалалАбад | ЫсыкКөл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | ||
Себүү аянттары | 1173,1 | 62,6 | 145,4 | 181,2 | 103,5 | 173,0 | 102.1 | 403,5 |
Бардык дан эгиндери | 649,6 | 40.3 | 73,1 | 103,6 | 30,8 | 95,8 | 59,9 | 245,0 |
Буудай | 400,0 | 22,6 | 42,8 | 80,4 | 17,0 | 72,0 | 21,0 | 144,0 |
Арпа | 122,9 | 7,3 | 1,7 | 22,1 | 13,7 | 5,9 | 0,5 | 74,7 |
Жүгөрү | 78,7 | 6,3 | 23,8 | 0,01 | 0,1 | 16,0 | 7,0 | 24,9 |
Чанактуу өсүмдүктөр | 34,0 | 1,6 | 1,1 | 0,6 |
| 0,26 | 30,0 | 0,4 |
Башкалар | 9 2 | 2,5 | 3,7 | 0,5 |
| 1,6 |
| 0,9 |
анын ичинен күрүч | 6,4 |
| 2,7 |
|
| 1,6 |
|
|
Кант кызылчасы | 12,0 |
|
|
|
|
| 1,0 | 11,0 |
Пахта | 25,2 | 0,2 | 15,0 |
|
| 10,0 |
|
|
Тамеки | 6,0 | 1,0 | 0,5 |
|
| 4,5 |
| 0,02 |
Май өсүмдүктөрү | 62,6 | 2,4 | 24,9 |
| 0,17 | 22,0 | 2,1 | 10,7 |
Картошка | 85,0 | 2,1 | 7,0 | 31,2 | 6,2 | 10,8 | 16,35 | 10,5 |
Жашылча | 42,95 | 2,3 | 8,5 | 2,6 | 0,65 | 6.8 | 3,8 | 18,3 |
Бахча өсүмдүктөрү | 7,1 | 0,2 | 2,5 |
|
| 2,4 | 0,01 | 2,0 |
Тоют өсүмдүктөрү | 281,6 | 14,4 | 12,5 | 44,1 | 64,8 | 20.8 | 18,4 | 106,0 |
№ 2-тиркеме
2010-жылы жалпы талаа иштеринин бүткүл комплексин даярдоого жана аны жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү боюнча Республикалык штабдын курамы
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-Премьер-министри-штабдын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри-штабдын төрагасынын орун басары,
штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы,
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Ирригация» мамлекеттик ишканасынын директору,
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы,
«Кыргыз агроазыктүлүк корпорациясы» ачык акционердик коомунун башкы директору,
«АУБ-Агро» микрокредиттик компаниясы» жабык акционердик коомунун башкы директору,
Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча),
Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары,
Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары.