Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №191
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) мыйзам долбоорлоо иши "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга, Өкмөттүн Регламентине жана Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык жүргүзүлдү.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдар иштеп чыккан мыйзам долбоорлорун жактыруу жана мыйзам чыгаруу демилгесине ээ башка субъекттердин демилгеси менен иштелип чыккан мыйзам долбоорлоруна расмий корутундуларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйтүлүшү же анын киреше бөлүгүнүн кыскартылышы каралган мыйзам долбоорлорун каржылоо булактары бардыгы жөнүндө корутундуларды берүү саналат.
Жалпысынан мамлекеттик органдар жүргүзгөн мыйзам долбоорлоо иши так-даана жана максатты көздөгөн мүнөздө жүрдү.
Буга Өкмөттүн пландаштыруу маселелерине коюлган жаңы талаптары кыйла өбөлгө болду. Ошентип, Өкмөттүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 токтому менен жактырылган Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентинин жаңы редакциясы Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттарын, ошондой эле бул иштерди уюштуруунун төмөнкү принциптерин бекемдеди: пландуулук, жетекчилердин жеке жоопкерчилиги, мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо.
Ошону менен бирге мамлекетти башкаруунун куралы жана мыйзам долбоорлорун натыйжалуу иштеп чыгуунун маанилүү фактору катары Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу анын ушул ишке катышуусунун формаларын жана жолдорун андан ары институтташтырууну талап кылган эле.
Ошентип, Өкмөт тарабынан 2009-жылы долбоорлорду демилге кылуу жол-жобосун, илимий адистештирилген экспертизаны милдеттүү түрдө жүргүзүү боюнча; ишкердиктин субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын регулятивдик таасирин талдоого, мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын формасына жана түзүмүнө; учурдагы Пландарды түзүү мөөнөттөрүнө; мыйзам долбоорлоо иши боюнча мамлекеттик органдардын отчеттуулугуна; бекитилген Пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосуна талаптарды киргизүү каралган жогоруда аталган документке олуттуу түзөтүүлөр кабыл алынган.
Практика көрсөткөндөй, мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу мыйзам чыгаруу процессине алда канча уюшкандык жана алдын-ала болжолдоо мүнөзүн берет, мыйзам долбоорлоо процессинин негизги багыттарын жана келечегин аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт жана туруктуу ченемдик укуктук базаны түзүүнүн иштиктүү шарттарынын бири болуп саналат. Мындай пландаштыруу анын артыкчылыктуу багыттарын бөлүп көрсөтүү менен мыйзамдарды жөнгө салууга комплекстүү мамиле жасоого шарт түзөт. Ал долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын күч-аракетин алда канча рационалдуу бөлүштүрүүгө, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин так уюштурууга, илимий изилдөөлөрдү натыйжалуу жүргүзүүгө, аларды мыйзам долбоорлоо ишинин башкы багыттарына топтоп, аны маалымат менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу мыйзам долбоорлорун даярдоодо шашмалык, учурда кезиккен муктаждыкка өтө эле көз каранды болуучулук сыяктуу урунтуктуу кемчиликтерден арылууга шарт түзөт, бул болсо мыйзам долбоорлоо иштерин макулдашуулардын жоктугуна, ал тургай карама-каршылыгына алып келет.
Мыйзамдардын ролу жана мааниси көз көрүнөө өскөн масштабдуу кайра түзүүлөрдүн шарттарында жол-жобо механизмдери өзгөчө мааниге ээ болууда жана аларды рационалдаштыруу зарылдыгы биринчи планга чыгып олтурат. Ошону менен бирге Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин өркүндөтүлүшү жол-жобо эрежелерин түзүү менен гана чектелип калган жок.
Ченемдик укуктарды чыгаруу процессинин маселелериндеги айтарлык жетишкендик катары Өкмөттүн демилгеси боюнча иштелип чыккан жана 2009-жылдын 7-августунда күчүнө кирген "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын кабыл алынышын айтсак болот.
Ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө бирдиктүү талаптарды койгон мыйзам чыгаруу техникасынын маселелери регламенттештирилген жоболордун Мыйзамга киргизилиши ушул туурасында күбөлөйт.
Мыйзамдын жаңылыгы болуп Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү Мамлекеттик тизмесинин киргизилиши саналат.
Долбоорлорду иштеп чыгуунун жаңы эрежелери, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун регулятивдик таасирин талдоо боюнча талаптарды киргизүү, долбоорлорду коомдук талкуулоо маселелерин деталдык бекемдөө сөзсүз түрдө мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатууга жардам берет.
Кабыл алына турган ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу максатында Мыйзам аркылуу иштелип чыга турган төмөнкүдөй долбоорлорду экспертизадан өткөрүү маселелери кеңири регламенттештирилген: укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык.
Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын иштөөсү аркылуу эскирген ченемдик көрсөтмөлөрдү кайрадан кароо, мыйзамдарда орун алган кемчиликтерди толтуруу боюнча ишти активдештирүүгө, ошондой эле мыйзам долбоорлоо процессинде пландаштыруу институтунун ролун жогорулатууга жана аны жөнөкөй формалдуулуктан акыйкат башкаруунун пайдалуу жана натыйжалуу куралына айландырууга мүмкүнчүлүк берет.
Отчеттук мезгилде Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Өкмөттүн 2009-жылдын 30-январындагы № 60 токтому менен бекитилген Өкмөттүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна мыйзам долбоорлорун киргизүү менен, ошондой эле ушул пландан тышкары да жүргүзүлүп келди.
Атап айтканда, отчеттук мезгилде Өкмөт тарабынан 223 мыйзам долбоору жактырылган жана Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлгөн, алардын ичинен 51и пландуу болуп эсептелет, 18 мыйзам долбоору кайра чакырылып алынган, 10 долбоор 2008-жылы (2өө пландагы) жана 8 долбоор 2009-жылы киргизилген; Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча иштелип чыккан 44 мыйзам долбооруна корутунду берилген.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2009-жылы 150 мыйзам долбоору кабыл алынган, алардын ичинен 40 долбоор планда көрсөтүлгөн тартипте иштелип чыккан, Өкмөттүн демилгеси боюнча иштелип чыккан 1 мыйзам долбоору четке кагылган. Ошентип, пландуу жана пландан тышкары кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун катышы тиешелүү түрдө 27 жана 73 пайызды түзөт.
Өкмөттүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын (мындан ары - План) алкагында 67 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралган. Аны жүзөгө ашырууга 28 мамлекеттик орган тартылып, алардын 23ү жооптуу аткаруучулар болушкан, 5өө кошо аткаруучулар катары тартылган. Планды жүзөгө ашырууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду катышкан. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Экономиканы өнүктүрүү фонду Планды аткарууга макулдашуу боюнча тартылышкан.
Планды аткаруунун жүрүшүндө Өкмөттүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 648 жана 2009-жылдын 18-декабрындагы № 872 токтомдору менен 14 мыйзам долбоорунун иштеп чыгышы алып салынган. Жогоруда аталган пункттарды алып салуунун себептеринин бири болуп "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгынын кабыл алынышы болду, алардын алкагында мамлекеттик комитеттерди, айрым министрликтерди жана администрациялык ведомстволорду жоюуга, ошондой эле министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун аталыштарынын өзгөрүшүнө алып келген мамлекеттик органдарды түп тамырынан кайра уюштуруу жүргүзүлдү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Өкмөттүн түзүмүнөн чыгарылып, Президентке түздөн-түз баш ийген Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына жана Мамлекеттик тышкы иштер министрлигине өзгөртүлүп түзүлгөндүгү да эске алынат.
Ошону менен бирге Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын жүзөгө ашырылышын талдоо көрсөткөндөй, Пландын натыйжалуу аткарылышы айрым учурда жооптуу аткаруучулар тарабынан коркунучка дуушар болууда, анткени алар жоопкерчиликтен кутулуу үчүн отчеттук мезгил алдында ар кыл жагдайларды шылтоолоо менен мыйзам долбоорлорун алып салуу же аларды иштеп чыгуу мөөнөттөрүн которуу жөнүндө сунуштарын киргизишүүдө.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламетине Пландан пункттарды алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү императивдүү нормалардын Өкмөттүн токтомунан жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыларга ылайык гана киргизилиши шашылыш жана негизсиз пландоо үчүн тиешелүү артка тартуу ролун ойноду.
Аталган норма 2009-жылы Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Планына эки жолу өзгөртүүлөр киргизилишине алып келди жана алар "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамдын, Президенттин 2009-жылдын 26-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамды ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" жана 2009-жылдын 15-июлундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Президенттин 2008-жылдын 24-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыктарынын, "2010-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик резолюциясы жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 19-июнундагы № 1267-IV токтомунун жана "2006-2010-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 533 токтомунун жоболоруна негизделген. Ошол эле учурда 2008-жылы Мыйзам долбоорлоо иш планына беш жолу өзгөртүү киргизилип, 48 мыйзам долбоору алынып салынган.
Планга өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча жогоруда аталган чектөө Пландан демилге кылынган мыйзам долбоорлору аларды кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу алып салган терс практикага бөгөт коюлушуна мүмкүнчүлүк берди, ал эми долбоордун кайрадан иштелип чыгышы мамлекеттик органдар өздөрүнүн мыйзам долбоорлоо ишин сапатсыз пландаштырып жатышканынын далили.
Бүгүн План 58% ке аткарылды. 2009-жылы жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүүгө тийиш болгон 50 мыйзам долбоорунун ичинен 28 долбоор Өкмөттүн чечими менен тарабынан жактырылган, 1 долбоор Жогорку Кеңешке Президенттин демилгеси катары киргизилген. Ошол эле мезгилде көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунун ичинен 12 долбоор Жогорку Кеңешке Планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бузулуу менен жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоорлору көбүнесе колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды кылдат инвентаризациялабастан туруп даярдалат, мыйзамдардын юридикалык техникага коюлган талаптарына, мыйзам тилине жооп бербейт, ички карама-каршылыктарга жана кайталанма жоболорго ээ. Мыйзамга финансылык-экономикалык негиздемелеринде келтирилген далилдер жөнгө салуу таасирин жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл бюджеттик чыгымдарды аныктоо үчүн дайым эле жетиштүү боло бербейт, бул аталган баа берүүнүн формалдуу мүнөзүн гана күбөлөп, кабыл алына турган мыйзамдардын жоболорун андан ары жүзөгө ашырууга терс таасирин тийгизет.
Мыйзам долбоорлоо ишин талдоо министрликтер менен администрациялык ведомстволордун төмөнкү каталыктарын да айгинеледи, аларды четтетүү бул багыттагы иштин сапатын жакшыртууга көмөк болмокчу. Алар төмөнкүлөр:
- ведомстволук пландаштыруунун сапатсыздыгынан, көрүнгөн мыйзам долбоорлоо ишине жасалма мамиле жасоо, мунун өзү мыйзам долбоорлорунда мыйзамдарга каршы келген жоболордун болушуна, юридикалык техниканын бузулушуна алып келип, ички карама-каршылыктарды жана бири-бирин кайталаган ченемдерди түзөт, ошондой эле долбоордо иштелип чыккан максаттарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт;
- мыйзам долбоорлорун макулдашууда Өкмөттүн Регламенти жана Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти менен белгиленген мөөнөттөрдү бузуу. Эреже катары, мамлекеттик органдар долбоорлорду иштеп чыгуунун үстүндө Мыйзам долбоорлорунун планында каралган мөөнөттүн акыркы айында иштей башташат, бул демилге көтөрүлгөн долбоорлордун сапатына терс таасирин тийгизип, Өкмөттүн Регламенти тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кызыкдар бардык органдар менен макулдашылгандан кийин Юстиция министрлиги менен макулдашуу жөнүндө талап сакталбайт;
- долбоорлорду коомдук талкуулоонун жол-жобосунун сакталбагандыгы жана ченемдик укуктук актылардын ишкердиктин субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖТТ) жүргүзбөгөндүк макулдашуу жол-жобосунун создуктурулушуна, документти жеткире иштеп чыгууга кайра кайтарып берүүгө, ошондой эле ойлонуштурулбаган, экономикалык жактан негизделбеген долбоорлорду иштеп чыгууга алып келет.
2009-жылдагы Планга ылайык даярдалган фундаменталдуу мүнөзгө ээ мыйзам долбоорлорунун катарына тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо тармагындагы уюштуруучулук-укуктук нормалар аныкталган "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун (2009-жылдын 20-июлундагы № 239 Мыйзам), асыл тукум мал өстүрүү, асыл тукум продукциясын өндүрүү жана пайдалануу боюнча иштин укуктук, экономикалык, уюштуруучулук негиздерин аныктаган "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун (2009-жылдын 27-апрелиндеги № 133 Мыйзамы), адвокатуранын, адвокатура ишинин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин регламенттештирген, жарандарды квалификациялуу юридикалык кызмат көрсөтүү менен камсыз кылууга багытталган "Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун (Өкмөттүн 2003-жылдын 19-декабрындагы № 661 токтому менен жактырылган) кошууга болот.
Жалпысынан 2009-жылы мамлекеттик органдар тарабынан Пландын алкагында 44 мыйзам долбоору даярдалган жана Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна жөнөтүлгөн, бул Планда каралган мыйзам долбоорлорунун жалпы санынын 83% ин түзөт. Көп учурларда (75%) министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөттүн Аппаратына жөнөтүү мөөнөттөрүн сакташууда. Ошентсе да мыйзам долбоорлорунун кыйласы жогоруда айтылган негиздер боюнча кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылат. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылда 8 мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга кайтарылды, анын ичинде кабыл алууга ылайыксыздык себеби боюнча 2 долбоор кайтарылды. Бул Өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлорунун 15% түзөт.
14 мамлекеттик органдын демилгеси боюнча Планга 30 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу киргизилгенин белгилеп кетүү абзел, бул Мыйзам долбоорлоо Планында каралган алардын жалпы санынын 57% түзөт. Көрсөтүлгөн 30 мыйзам долбоорунун ичинен 24ү иштелип чыгып, Өкмөттүн Аппаратына кароого жөнөтүлгөн, алардын ичинен 13 долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Белгиленген маалыматтар мыйзам долбоорлоо тармагында мамлекеттик органдардын демилгесинин жоктугун, ошондой эле юридикалык кызматтарынын квалификациясынын төмөндүгүн күбөлөйт.
Баяндалгандын негизинде, норма чыгаруу ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга, Өкмөттүн регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин ишке ашыруу боюнча иши жетишсиз деп белгиленсин.
Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мыйзам долбоорлоо иши канааттандырарлыксыз деп табылсын.
2. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери:
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруунун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, регулятивдик таасир этүүнү талдоону милдеттүү түрдө өткөрүүгө карата "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын, Өкмөттүн Регламентинин жана мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин талаптарын эске алуу менен мыйзам долбоорлоо ишин пландаштырылсын.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана Өкмөткө баш ийген башка мамлекеттик органдар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине базалык, система түзүүчү мыйзам долбоорлорун жөнөтүшсүн; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын алкагында колдонуудагы мыйзамдарга анчейин маанисиз (чекиттик) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу демилгеси менен чыккан учурларга жол беришпесин;
иштелип чыга турган мыйзам долбоорлорунун илимий негизделишин камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарына иштелип чыгышы бүткөрүлүү стадиясында турган мыйзам долбоорлорун киргизүү демилгеси менен чыгышсын;
- мыйзам долбоорлоо иши Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты экендигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин башка субъекттерге мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгуу укугун берүүгө тыюу салган талаптарын катуу жетекчиликке алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөт ичинде:
- 2010-жылга инвентаризациялоо боюнча иш планын бекитсин;
- ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарын киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү боюнча окутуу иш-чараларын өткөрсүн.
6. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышары белгиленсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |