Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №270  токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 30-марты №197

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарынын мэриясынын, "Дордой" ассоциациясынын кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 "Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Бишкек шаарындагы К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген, жалпы аянты 5,3 га аймагы:

- 5,03 га жер - "Дордой" ассоциациясына 49 (кырк тогуз) жыл мөөнөткө дене тарбия-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк - оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу шарты менен убактылуу пайдаланууга;

- 0,27 га жер - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине "Дордой" ассоциациясы менен макулдашылган берилүүчү жер участогунун тиркелген схемасына ылайык берилсин.".

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте өзүнүн чечимин ушул токтомго ылайык келтирсин жана жерди эсепке алуу документтерине зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов