Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-августу №489
"Дордой" ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №197, 2010-жылдын 5-ноябрындагы №270, 2012-жылдын 12-июнундагы №409 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык, мамлекет менен жекече сектордун ортосундагы социалдык шериктештикти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагында туруусу сакталып калсын.
2. Бишкек шаарындагы К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген, жалпы аянты 2,03 га жерди түзгөн аймагы «Дордой» ассоциациясына дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу шарты менен 49 жылдык мөөнөткө берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги үчүн бекитилген 2011-жылга бюджеттин алкагында Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген парктык зонанын аймагын жашылдандырууга, ошондой эле ландшафтык-табигый бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте жер участогун ижарага берүүнүн келишимин «Дордой» ассоциациясы менен кайра түзсүн.
(2010-жылдын 5-ноябрындагы №270 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Дордой" ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн К.Жакыпов атындагы парктын аймагы сатылууга, күрөөгө коюлууга, алмашылууга же башка жол менен ээликтен ажыратылууга тийиш эместигин эске алсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык келтирсин жана жер-эсепке алуу документтерине зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.
7. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы №409 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |