Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-ноябры № 270
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 «Дордой» ассоциациясына К. Жакыпов атындагы парктын Ж. Абдырахманов, И. Мичурин, М. Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана тарыхый, археологиялык, маданий, архитектуралык, илимий жана искусстволук жактан алганда материалдык, интеллектуалдык жана көркөм баалуулук болуп эсептелген маданий мурастын объекттеринин маанилүүлүгүн эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 «Дордой» ассоциациясына К. Жакыпов атындагы парктын Ж. Абдырахманов, И. Мичурин, М. Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Бишкек шаарындагы К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген, жалпы аянты 2,03 га жерди түзгөн аймагы «Дордой» ассоциациясына дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу шарты менен 49 жылдык мөөнөткө берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги үчүн бекитилген 2011-жылга бюджеттин алкагында Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген парктык зонанын аймагын жашылдандырууга, ошондой эле ландшафтык-табигый бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте жер участогун ижарага берүүнүн келишимин «Дордой» ассоциациясы менен кайра түзсүн.».
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августундагы № 489 «Дордой» ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн-зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 197 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана жер-эсепке алуу документтерине зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу, социалдык саясат бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |