Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-апрели №202
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы № 68 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана башка аскердик түзүлүштөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2010-жылдын апрель-июнунда, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга, аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу жок же аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жана альтернативдик кызмат өтөө, ошондой эле чакырылуучу мобилизациялык резервге кошууну райондук (шаардык) аскер комиссариаты аркылуу жүргүзсүн;
- райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын түзүшсүн жана аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шайман жабдуулары менен камсыздалган чакыруу (чогултуу) пункттары менен камсыз кылсын;
- жарандарга маалымдоо жана алардын уюшкандыкта аскер комиссариаттарына келишин жана зарыл учурда автотранспорт менен жеткирүү боюнча чараларды көрсүн;
- аскер комиссариаттарында, чогулуу пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын ишин камсыздоо үчүн бөлүп беришсин:
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен зарыл болгон акча каражаттарын;
- автотранспорт каражаттары, техникалык кызматчылар жана тейлөөчү персоналын.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага төмөнкүлөр жүктөлсүн;
- кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же чакыруудан бошотуунун, ошондой эле альтернативдик кызматка жиберүү жөнүндө чечимдин тууралыгын текшерүү;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын иштерине жарандардын даттанууларын кароо.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аскердик милдетти аткаруудан баш тарткан адамдарды издөөнү, кармоону жүргүзсүн жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келсин, райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген |
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 2-башкармалыгынын начальниги (аль-
тернативдик кызмат), комиссиянын төрагасы.
Калыев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо баш-
кармалыгынын начальнигинин орун басары - 5-баш-
кармалыктын (региондор аралык) начальниги;
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 2-башкармалыгынын (альтернативдик
кызмат) чакыруу ресурстарын каттоо бөлүмүнүн
начальниги;
Мамбеталиев С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 2-башкармалыгынын (альтернативдик
кызмат) медициналык күбөлөндүрүү бөлүмүнүн на-
чальниги;
Кутуев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 2-башкармалыгынын (альтернативдик
кызмат) чакыруу ресурстарын каттоо бөлүмүнүн
улук офицери;
Усубалиев К.А. - Кыргыз Реслубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 2-башкармалыгынын (альтернативдик
кызмат) чакыруу ресурстарын каттоо бөлүмүнүн
улук офицери;
Салайдинов К.С. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 5-башкармалыгынын (региондор ара-
лык) улук офицери (чакыруу боюнча Ош шаары);
Эшбаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруу мобилизациялоо баш-
кармалыгынын 5-башкармалыгынын (региондор ара-
лык) улук офицери (чакыруу боюнча Жалал-Абад
шаары).