Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-июлу N 131
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы N 543 токтомунун редакциясына ылайык)
Балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөрдү жана ай сайын социалдык пособие алган эмгекке жарамсыз жарандарды социалдык колдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы N 543 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелиши II топтогу адамдарга ай сайын берилүүчү пособие 1500 сом суммада.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы N 543 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү пособиелерине жана бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелиши II топтогу адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиеге кепилденген эң төмөнкү кирешени эске алуу менен ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык кайра эсептөө жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кепилденген эң төмөнкү кирешенин жана бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелиши II топтогу адамдарга ай сайын берилүүчү пособиенин өлчөмдөрүн көбөйтүү үчүн зарыл финансылык каражатты республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине 2010-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде өз учурунда бөлүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө" токтомунун 2-пункту 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Р. Отунбаева |