Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №825
Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө
(2010-жылдын 20-июлундагы №131 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №508 "Мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кепилденген эң төмөнкү киреше жөнүндө жобо бекитилсин.
2. (2010-жылдын 20-июлундагы №131 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги:
- кепилденген эң төмөнкү кирешени жыл сайын эсептесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин;
- кепилденген эң төмөнкү кирешени эске алуу менен балалуу аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайынкы жөлөкпулга кайра эсептөө жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги:
- кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен керектүү финансылык каражатты өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын:
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда керектүү каражаттарды караштырсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлин белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябрындагы № 614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |