Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-июлундагы №138
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы №706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө»;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик-органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун тиркелген нормалары бекитилсин.»;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 164 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын аскер кызматчыларына акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Р.Отунбаева |