Редакцияот 29.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 29-июлундагы № 139

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 «Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 «Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктундагы «өзүнүн ченемдик-укуктук актыларына» деген сөздөр «мыйзамдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р.Отунбаева