Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 25 токтомуна күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-августу №175
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу органдары, чарбакер субъекттер жана калк үчүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу социалдык-экономикалык багыттарды аныктоо максатында, аталган мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата орто мөөнөттүү божомолу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасын 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген негизги көрсөткүчтөрү бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), мамлекеттик уюмдар жана ишканалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги:
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшүн жалпы координацияласын жана оперативдүү контролдосун;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын маалыматтарын квартал сайын жалпыласын, талдасын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2011-2013-жылдарга карата максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын топтомо мониторингин берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2010-жылга карата кыска мөөнөттүү божомолу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылга карата Иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому күчүн жоготсун деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |