Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-сентябрындагы №182
2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 «Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган жана Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан бекитилген процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуда алуу үчүн тизмелерге киргизилген жарандар үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы № 99 «Кыргыз Республикасынын жарандарына өздүк күбөлүктөрдү берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык берилген ким экенин билдирүүчү күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун убактылуу алмаштыруучу, нотариустук иштерди тариздөөгө жана жеке менчик турак үйлөрдү куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды алууга укук берүүчү документ болот;
- процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуданы жана башка мамлекеттик гарантияларды жана компенсацияларды берүүнү тариздөөдө жана нотариустук иштерди аткарууда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- жабыркагандарга процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүгө байланышкан күрөөлүк бүтүмдөрдү каттоо боюнча кызматтын акысына кыймылсыз мүлктүн бир бирдигине 50 сом суммада туруктуу бааны аныктасын жана аларды жана башка керектүү документтерди каттоо боюнча иштерге тараптуу жардам көрсөтсүн;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция бекиткен тизмелерге ылайык процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссуда алуучу адамдарга жер участокторуна жана Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон июнь окуяларынын кесепетинен бузулган турак үйлөрүнө укукту аныктоочу документтерин кыймылсыз мүлктүн бир бирдиги үчүн 500 сом суммада тариздесин жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |