Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-сентябры №200
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 Жарлыгына ылайык, ачыктык принцибин киргизүү, отун-энергетикалык комплексин башкаруудагы жана жөнгө салуудагы жоопкерчиликти арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш);
- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин статс-катчысы, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын директорунун орун басары;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз газ" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобого ылайык конкурстук негизде тандалып алынуучу коомдук уюмдардын 6 өкүлү.