Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-сентябрындагы №207
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы №50 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалдарды турукташтыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө жапа чеккен адамдар үчүн өздүгүн жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастоочу документтерди калыбына келтирүүнүн жана алуунун тартибин жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы №207 токтому менен бекитилген |
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобо
Кызмат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
ККД - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаменти.
Паспорттук бөлүмдөр - ККДнын паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмдөрү.
«Инфоком» МИси - Кызматтын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы.
Кызматтын маалыматтар базасы - көп тармактык пайдалануу жана модификация үчүн арналган Кызматтын маалыматтарынын интеграцияланган жыйындысы.
Электрондук документ - электрондук формада берилген документ (электрондук документ) - документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттары бар электрондук билдирүү.
Электрондук сандык кол тамга (ЭСК) - ЭСКнын ачык ачкычын пайдалануучуга бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрбөстүгүн аныктоого мүмкүндүк берген ЭСКнын жабык ачкычын, ошондой эле ЭСКнын жабык ачкычынын ээсин пайдалануу менен баштапкы маалыматты кайра түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу.
Башкы оператор - «Инфоком» МИсинин ыйгарым укуктуу кызматкери.
«САРП» системасы - Кызматтын маалыматтар базасынан маалыматтарды берүүнүн корголгон системасы түрүндөгү суроо-талаптарды автоматтык иштетүү системасы.
Арыздын сүрөтү - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алууга арыздын сканирленген анкетасы.
Эки тараптуу каттоо - электрондук маалыматтардын жеке максатта жана кыянаттык менен пайдаланылышын алдын алуу максатында Кызматтын маалыматтар базасынан жөнөтүлгөн жана алынган электрондук маалыматтарды каттоонун ККД жана «Инфоком» МИси тарабынан ишке ашырылышы.
2.1. Бул Жобо июнь окуяларынын кесепетинен жапа чеккен жана паспортторун кайра калыбына келтирүүгө укуктуу адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун (мындан ары - паспортторду) калыбына келтирүүгө документтерди кабыл алуунун жана тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби менен эрежелерин аныктайт.
2.2. Паспортторун калыбына келтирүүгө укугу бар жабыр тарткан жарандардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 50 Жарлыгы менен түзүлгөн, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ведомстволор аралык комиссияга берилет.
3.1. Паспортун жоготкон жаран жашаган жери боюнча паспорттук бөлүмгө паспортун кайда, качан жана кандай шартта жоготкондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен паспортун жоготкондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берет.
Паспортун жоготкондугу тууралуу арыз паспортту калыбына келтирүүгө арыздарды каттоо журналына жана «Жабыр тартуучу» белгиси менен алфавиттик журналга белгиленген тартипте катталат. Жоготкондугу тууралуу ишине аталган журналдардагы каттоо номерлерине ылайык номер берилет: алымы арыздарды каттоо номери, бөлүмү - учурдагы жылдагы иштин катар номери.
Паспортун жоготкон учурда жаран төмөнкүлөрдү берет:
- паспорттук бөлүмдүн начальнигинин атына жоготкондугу тууралуу арыз;
- жашаган жеринен күбөлөндүрүлгөн № 1 форма боюнча арыз (ушул Жобого 1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун идентификациялык жеке номери;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никеге турганы же ажырашканы жөнүндө күбөлүк.
Жалпы жарандык паспортун жоготкон учурда жаран катталган жери боюнча паспорттук бөлүмгө төмөнкүлөрдү берет:
- паспорттук бөлүмдүн начальнигинин атына жоготкондугу жөнүндө арыз;
- жашаган жеринен күбөлөндүрүлгөн № 1 форма боюнча арыз;
- паспорт (1994-жылдын үлгүсүндөгү же 2004-жылдагы ID-card формасында);
- паспортун жоготуу жагдайлары жөнүндө түшүнүк кат. Жаран мүмкүнчүлүгүнө карата жоголгон паспорттун берилген күнүн жана берген органды көрсөтөт.
Паспорттордун жоголгондугу тууралуу иштер боюнча өндүрүш 10 күндүн ичинде бүтүүгө тийиш.
Паспортун жоготкондугу жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш 21 жумушчу күндүн ичинде аяктоого тийиш (кошумча текшерүүнүн зарылдыгына жараша жоготуу боюнча иш өндүрүшүнүн мөөнөтү 45 күнгө чейин узартылат).
Паспортун жоготкондугу жөнүндө арыз берген жаран тууралуу маалыматтар республикалык (облустук) даректик маалымдама бөлүмү боюнча текшерилет.
Паспортун жоготууга байланышкан № 7 форма боюнча суроо-талаптар (ушул Жобонун 3-тиркемеси) жоготулган паспорт мурда берилген паспорттук бөлүмгө арыз түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен, ал эми жооп суроо-талап түшкөндөн кийин 48 сааттан кечиктирилбестен жиберилет.
«Жабыр тартуучу» белгиси менен № 248-в форма боюнча атайын текшерүү (ушул Жобонун 4-тиркемеси) түшкөн күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде жашаган жери боюнча ички иштер органдарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык борборлорунун алфавиттик оперативдүү-маалымдама картотекалары боюнча жүргүзүлөт.
Адамдарды текшерүү республикалык же облустук даректик-маалымдама бюро боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын жаранын белгиленген тартипте жалпы жарандык паспорту боюнча текшерет.
Башка райондон жашаганы келген жана жаңы жашаган жери боюнча катталганга чейин паспортун жоготкон жаранга жоголгонунун ордуна паспорт алууга документтерди тариздөө жаңы жашаган жери боюнча паспорттук бөлүм тарабынан ишке ашырылат.
Паспортторду даярдоо/персонификациялоо ККДнын документтерди персонификациялоо башкармасына түшкөн күндөн баштап 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
4.1. Паспорттук бөлүм жоголгон паспорттун жаранга берилгендигин аныктайт, № 1 формага жабыштырылган сүрөт менен адамдын бетинин түзүлүшүн салыштырат, № 1 форманын көчүрмөсүн чыгарат жана ага бул паспорттун жаранга тиешелүүлүгү тууралуу белги коет. Андан кийин № 1 форманын «Кызматтык белгилер» бөлүмүнө паспорт качан жоголгондугу көрсөтүлөт жана бул арыз архивдик картотекага коюлат.
Эгер мурда берилген паспорт жарандын жашаган жери боюнча паспорттук бөлүмдөн алынса, анда даректик бөлүм боюнча текшерүү менен бир мезгилде бул бөлүмгө ушул адамга паспорттун берилгендигин тастыктоо жана анын ким экендиги тууралуу маалыматтарды алуу үчүн жарандын сүрөтүн тиркөө менен № 7 форма боюнча суроо-талап жиберилет. Суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматтар жана ага тиркелген сүрөт паспорт алуу карточкасындагы маалыматтар жана сүрөт менен салыштырылат; соттуулугу бар адамдардын картотекасы боюнча жана даректик-маалымдама каттоо боюнча адамды атайын текшерүү жүргүзүлөт.
Суроо-талап жибергендерге текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жооптор паспорт алууга № 1 форманын көчүрмөсүн тиркөө менен № 8 форма боюнча жиберилет (ушул Жобого 5-тиркеме).
Ошол эле учурда № 1 форманын «Кызматтык белгилер» бөлүмүндө паспорт качан жоголгондугу жана анын ордуна паспорт берүү кайсы паспорттук бөлүм тарабынан толтурулгандыгы көрсөтүлөт, андан кийин мындай арыз архивдик картотекага коюлат.
Эгерде сүрөттү салыштырганда андагы адам менен бирдейлиги аныкталбаса же суроо-талапта көрсөтүлгөн паспорт ээси жөнүндө маалыматтар № 1 формада көрсөтүлгөн маалыматтар менен дал келбеген учурда, бул тууралуу жарандын ким экендигин жана дал келбестиктин себептерин аныктоого кошумча чара көрүү үчүн суроо-талаптын демилгечисине билдирилет.
Эгер кандайдыр бир себептер менен № 1 форма сакталбаган учурда, жарандын туугандарынын, кошуналарынын катышуусу жана анын паспорттук маалыматтарын милдеттүү түрдө жазуу менен таануу актысын түзүү аркылуу адамдын бирдейлиги жана фотографиялык карточкадагы сүрөтү такталат, андан кийин жарандын сүрөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Жаран жоготкон паспорттун берилгендиги жана анын ким экендиги аныкталган учурда, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Жоголгон паспорттун ордуна паспорт берүү тууралуу корутунду чыгарылат, ал паспорттук бөлүмдүн жетекчиси же болбосо анын милдетин аткарган кызматкер тарабынан бекитилет. Андан кийин паспорт алууга (алмаштырууга) арыз даярдоого/персонификациялоого жиберилет.
Мындай учурда № 1 формадагы «Паспорт төмөнкү негизде берилди» деген сапка «Жоголгондун ордуна» деп жазылат жана жоголгон паспорт тууралуу маалыматтар киргизилет. Эгер паспортун жоготкондугу тууралуу арыз берген адамдын паспорту табылса, анда анын ээсинин кат жүзүндөгү арызынын негизинде жоготкондугу тууралуу иштер боюнча өндүрүш токтотулат жана табылган паспортко № 1 форма «Паспорт табылды» деген белги менен колдонулуудагы картотекага кайра коюлат.
Эгер жоголгон паспорт жаңы паспорт берилгенден кийин табылса, анда табылган паспортту жаран паспорттук бөлүмгө тапшырууга милдеттүү.
4.2. Эгер 2004-жылдын же 2006-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор мурда берилген болсо, анда паспорттук бөлүмдүн кызматкери жарандын арызынын негизинде суроо-талаптын формасын түзөт. Бул учурда жаран Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык (Жобонун 2-тиркемеси) өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу тууралуу арызга кол коет.
Толтуруу үчүн форманын милдеттүү жерлери болуп төмөнкүлөр саналат:
- фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү (болсо).
Ошондой эле оператор өзүнүн аты-жөнүн көрсөтөт.
Паспорттук бөлүмдүн кызматкери ушул Жободо көрсөтүлгөн тийиштүү документтерди алууда кайрылган жарандын жашаган жери боюнча катталгандыгын даректик-маалымдама бөлүмдөн белгиленген тартипте сурайт.
Өз кезегинде даректик-маалымдама бөлүмдүн кызматкери суроо-талапты иштеп чыгат.
Суроо-талапты иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча:
- жарандын катталгандыгы тастыкталган учурда паспорттук бөлүмдүн кызматкери андан ары иштеп чыгуу үчүн документтер пакетин аткарууга кабыл алат;
- жаран катталбаган же жашаган жерин өзгөрткөн учурда паспорттук бөлүмдүн кызматкери тийиштүү документтер пакетин кабыл алуудан баш тартуу тууралуу жаранга билдирет.
Аймактык паспорттук бөлүмдүн башчысы «САРП» системасынын жардамы менен Кызматтын маалыматтар базасынан маалымат алуу зарылдыгы тууралуу суроо-талап түзөт.
Суроо-талапты биротоло түзгөнгө чейин программалык камсыздоо суроо-талаптын максатын автоматтык түрдө сурайт. Суроо-талапка электрондук сандык кол тамга коюлат, шифрленет жана башкы операторго жиберилет.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында Кызматтын маалыматтар базасында камтылган суроо-талап паспорттук бөлүмдүн кызматкеринин электрондук сандык кол тамгасынын жардамы менен ишке ашырылат.
Ар бир айдын 10-күнүндө Кызматтын маалыматтар базасынан берилген жана алынган маалыматтарды эки тараптуу каттоо жүргүзүлөт (каттоонун биллингдик системасы).
Паспортту даярдоо күнүнүн негизинде башкы оператор паспорт алууга (алмаштырууга) арыздын кагаз түрүндөгү формасынын жайгашканы тууралуу ККДдан маалымат сурайт жана анын көчүрмөлөрүн андан ары электрондук түрдө коштоо үчүн суроо-талаптын демилгечисине берет.