Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 472 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-сентябры № 213
"Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528, 18 августа 2017 года № 493 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттештирилген объекттерди сактоо жана андан ары пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
1-1. "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында иштээри аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528, 18 августа 2017 года № 493 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 213 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528, 18 августа 2017 года № 493 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) карамагында иштейт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкананын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Күн-Чубак" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Солнышко" при Государственном агентстве по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын кыскартылган аталышы төмөнкүдөй:
мамлекеттик тилде: "Күн-Чубак" МИ;
расмий тилде: ГП "Солнышко".
7. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, ал чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкана чарбалык эсептешүү негизинде иштейт, ал негизги жана жүгүртүүчү каражаттарга, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банк мекемелериндеги улуттук жана чет элдик валютадагы алыш-бериш эсебине ээ болот.
Ишкана Мамлекеттик герб түшүрүлгөн мөөргө, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышына, белгиленген үлгүдөгү штамптарга, бланктарга жана башка визуалдык жеке каражаттарга, өзүнүн атрибутикасына ээ болот.
8. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы.
9. Бул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
10. Бул уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына карама-каршы келген учурда мыйзамдардын нормалары колдонулат.
II. Ишкананын милдеттери жана функциялары
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жарандарынын ден соолукту чыңдоочу эс алуусун уюштуруу, ошондой эле эл аралык жана ички туризм чөйрөсүндөгү ар кандай кызматтарды көрсөтүү эсептелет.
12. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- эс алуучуларды жайгаштырууну, алардын жашоосун, тамактануусун уюштуруу;
- туристтик, ден соолукту чыңдоочу, экскурсиялык жана жалпы маданий тейлөө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүн кошкондо, чет мамлекеттердин туристтик фирмаларын, туроператорлорун туристтик кызмат көрсөтүү рыногу жөнүндө маалымат жана жарнамалык продукция менен белгиленген тартипте камсыз кылуу;
- туроператордук кызмат көрсөтүүнү жүргүзүү, мейманканалык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- Ишкананын аймагында жайгашкан жеке турак жайлардын (котеждердин, үйлөрдүн ж.б.) менчик ээлерине акы төлөө негизинде коммуналдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүү;
- эс алуучулар жана калктын башка бөлүгү үчүн эс алуу зоналарын (пляждарды, кемпингдерди ж.б.) уюштуруу жана пайдалануу, ушул эс алуу зоналарында жана башка жерлерде акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү (туристтик инвентарды жана шаймандарды, эс алуу инвентарларын, пляждык жабдууларды, кайыктарды, катамарандарды, катерлерди жана кичине өлчөмдөгү кемелерди ижарага берүү, акы төлөнүүчү токтоочу жайларды, балдардын аянтчаларын, дискотекаларды, кинолорду, видеозалдарды, аттракциондордун бардык түрлөрүн, оюн автоматтарын жана башка оюн-зоок программаларын жана комплекстерди, фотоательенин, чач тарачтын, сулуулук салондорунун, мончолордун жана сауналардын кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу ж.б.);
- мейманканалык кызмат көрсөтүүлөрдү, тамактанууну ж.б. уюштуруу менен (же буларды кошпогондо) өкүлчүлүктүү иш-чараларды, съезддерди, конгресстерди, семинарларды ж.б. өткөрүүнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка функцияларды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүү.
Уруксат алууну талап кылган иштин түрлөрү боюнча Ишкана лицензиялардын (уруксат берүүлөрдүн) негизинде иш жүргүзөт, аларды белгиленген тартипте лицензияланууга (уруксат алынууга) тийиш болгон иштин түрлөрүнө лицензия берүүчү тиешелүү мамлекеттик органдар берет.
III. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
13. Милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен Ишкананын максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык келишимдерди түзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, аларды окутуу, ошондой эле башка максаттар үчүн келишимдин негизинде адистерди тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жиберүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, ижара келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан сырткары жерлерде уставдык милдеттерге ылайык өндүрүштүк ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтарды көрсөтүүгө;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ишкана ушул Уставда каралбаган, уюштуруучу менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын уставына карама-каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуусу, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.
15. Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын отчетторун тиешелүү органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
IV. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананын жогорку башкаруу органы болуп уюштуруучу эсептелет.
Уюштуруучунун компетенциясына Ишкананы түзүү, Ишкананын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелери кирет.
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүргүзүүгө укуктуу.
16-1. Жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишкананын иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ишкананын ишин директор башкарат, аны жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Фондго сунушталган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Ишкананын директору кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, ушул Уставдын жана аны менен жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Директордун бир орун басары болот.
Директордун орун басары жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыздайт, Ишкананын директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт, Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
- уюштуруучунун чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Ишкананын атынан иштейт, Ишкананын кызыкчылыгын республиканын бардык органдарында жана уюмдарында билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктык алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана иштин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарынын, башкы бухгалтердин, Ишкананын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык расписаниесин бекитет;
- Ишкананын ведомстволук бөлүмдөрү, иштөө режими жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматтык номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине тартип жазаларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
- жылдын жыйынтыгы боюнча уюштуруучуга отчет берет;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Эсепке алуу жана отчет берүү
19. Ишкана өз ишин уюштуруучу бекиткен иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана жыл сайын уюштуруучуга отчет берет.
20. Ишкана өз ишинин натыйжаларын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
21. Ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте берет.
Ишкананын финансылык-чарбалык ишти жүргүзүүсүн контролдоону жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле уюштуруучунун чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ишканадагы бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын тактыгы үчүн жооптуу, мамлекеттик мүлктү уурдоону жашыруу максатында отчетту өзгөртүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
VI. Ишкананын мүлкү, финансысы жана анын пайдасын бөлүштүрүү
23. Ишкананын мүлкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп эсептелет.
Ишкана мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына ылайык жана мүлктүн арналышы боюнча пайдалана алат.
Уюштуруучу Ишканадан ашыкча, пайдаланылбаган же арналышы боюнча пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга укуктуу.
24. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, салым (үлүш) катары чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына киргизүүгө же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
Жылдык финансылык-чарбалык иш аракетинин жыйынтыктары боюнча ишкананын накта пайдасынын 50 пайызынан кем эмеси андан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептик эсебине которулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
25. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.
26. Ишкана кайра уюштурулганда же жоюлганда бошотулуучу кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
27. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.