Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-сентябры № 215
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы жөнүндө
«Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 89 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 721 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй мазмундагы толуктоо киргизилсин:
«Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» Мамлекеттик ишканасы».
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 215 токтому менен бекитилди |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» Мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын иштерин жөнгө салат.
2. Ишкана өз иштеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш ийүүдө турат.
Министрлик Ишкананын иштерин жалпы жетектөөнү жана координациялоону жүзөгө ашырат.
4. Ишкана өз алдынча теңдемге ээ, чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук таризинде аракеттенүүчү юридикалык жак болуп саналат, обочолонтулган мүлккө ээ болот жана өз иштерин өзүн өзү актоо негизинде жүзөгө ашырат.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн ээси болуп саналбайт.
5. Ишкана бурчмөөргө, өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жасылган мөөргө, ошондой эле бланктарга жана башка өздүк белгилерге ээ болот.
Ишкана өз иштерин мыйзамдардын талаптарына жана ушул Уставга ылайык жүзөгө ашырат.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
кыргыз тилинде: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы;
орус тилинде: Государственное предприятие «Көмүр» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики.
Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаева көч., 119.
7. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
II. Ишкананын максаттары, милдеттери жана ишмилдеттери
8. Ишкананын ишинин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көмүр казып алуу тармагындагы стратегиялык демилгелерин ишке ашыруу жана алдыга жылдыруу;
- көмүр казып алуучу ишканалардын көмүр казып алуу көлөмдөрүн көбөйтүү;
- отун-энергетика комплексинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кендерден казып алынган көмүрлөрдү керектөөгө өтүшү үчүн шарттарды түзүү.
9. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- көмүр өнөр жай тармагынын ишканаларынын өндүрүштүк-чарбалык иштерин координациялоо;
- көмүр казып алуу тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.
10. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү ишмилдеттерди аткарат:
- менчигинин түрүнө карабастан, тоо жумуштарынын бекитилген жылдык пландарына ылайык көмүр казып алуучу ишканалардын тоо-өткөөл жана ачуу жумуштарынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларына алардын көмүрдү чалгындоо, издөө, казып алуу, сактоо, ташып жеткирүү жана сатуу боюнча иштеринин илимий негиздүүлүгүн, техникалык саясатын аныктоого, ошондой эле брикеттерди, катанокторду жана көмүрдөн башка өнүмдөрдү өндүрүүдө методологиялык жана техникалык-экономикалык жардамдарды көрсөтөт;
- илимий-практикалык сунуштамаларды иштеп чыгат жана көмүр казып алуучу ишканаларга көмүр казып алууну коопсуз жүргүзүү боюнча практикалык кызматтарды көрсөтөт;
- көмүр казып алуучу ишканаларга көмүр кендерин иликтөө жана иштетүү боюнча илимий негизделген долбоорлорду даярдоого жардам көрсөтөт;
- көмүр казып алууну көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларынын ортосунда капиталдык салымдарды, кайтарылуучу бюджеттик каражаттарды жана насыяларды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды түзөт жана Министрликке киргизет, ошондой эле алардын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу тармагындагы ишканаларды модернизациялоо жана андан ары өнүктүрүүдө тикелей жана мамлекеттик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
III. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
11. Ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонтулган мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк укуктарды сатып алууга жана кандай гана болбосун юрисдикциядагы сотто милдеттенмелерди алууга, доочу жана жоопкер болууга;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктөрдүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте өнүмдөрдү, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык, Министрлик менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү уюштурууга;
- Ишкананын кызматчыларына кеңеш берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде, макулдашуу боюнча акысын төлөө менен адистерди тартууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга ж.б. катышуу үчүн ишсапарларына жиберүүгө;
- Ишкананын каражаттарынын эсебинен кызматчыларды кошумча адистиктерге окутууга, алардын билим деңгээлдерин жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчыларды жалдоонун жана бошотуунун тартибин аныктоого, жумуш убактысын кошундулап эсептөөнү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандан төмөн эмес өлчөмдө Ишкананын кызматчыларынын эмгек акысын төлөөнүн таризин жана тутумун аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, дем алыш күндөрдү жана эмгек өргүүлөрүн берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга.
12. Ишкана кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормаларына ылайык социалдык камсыз кылууну, социалдык камсыздандырууну кепилдейт.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана кызматчыларга эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылат жана жумуш берүүчүнүн күнөөсү боюнча алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматчыларын милдеттүү социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга отчетторду өз убагында берип турууга.
IV. Ишкананы башкаруу
14. Ишкананын ишин башкарууну Ишкананын башкы директору жүзөгө ашырат.
Ишкананын Башкы директору Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин сунуштамасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктарга, милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде аракеттенет.
Башкы директордун Кыргыз Республикасынын Энергетика министри тарабынан, башкы директордун сунуштамасы боюнча кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу эки орун басары болот.
Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Башкы директор:
- Ишкананын иштерине жетекчилик кылат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан чыгат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын жактайт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка эсептерин ачат, банк жана каржы документтерине кол коет;
- өз компетенцияларынын чектеринде Ишкананын бардык кызматчылары үчүн милдеттүү тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын жумуштарынын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарларынын жана башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жалпы санын жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- Ишкананын кызматчыларын сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматчыларын кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот;
- Ишкананын кызматчыларына карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын кабыл алат;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликке Ишкананын иштери жөнүндө отчетторду берет;
- Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана ишмилдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
16. Ишкана өз иштерин өз алдынча иштеп чыгылган, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү жумушчу пландардын (келечектик, жылдык жана агымдагы жумуш пландары) негизинде жүзөгө ашырат.
17. Ишкананын жумуш пландарынын негизин Ишкананын менчигинин түрүнө карабастан керектөөчүлөр, ташып жеткирүүчүлөр жана башка чарба, жүргүзүүчү субъекттер менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
V. Ишкананын мүлкү жана каражаты
18. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ээ болот жана тескейт.
Уюштуруучунун менчиги болуп саналган жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен, Ишканага өткөрүп берген кыймылсыз мүлк объекттери, негизги каражаттары жана башка мүлктөр менен чарба жүргүзүү укугу мүлктөрдү пайдалануунун негизи болуп саналат.
19. Негизги фонддор жана жүгүртүм каражаттары, ошондой эле ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иштери үчүн зарыл болгон, Ишкананын теңдеминде чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар Ишкананын мүлкүн түзөт.
Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүм каражаттарын жана колдонуудагы мүлкүн алып коюуга уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
20. Ишкананын мүлктөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Ишкананын иштеринен алынган кирешелердин;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктөрдүн;
- колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын.
21. Ишкананын чарбалык иштеринин натыйжасында алынган кирешелер, ошондой эле өз каражаттарынын эсебинен сатылып алынган мүлктөр Ишканага таандык болот жана анын теңдеминде эсепке алынат.
22. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, аманат (үлүштөш салым) катары чарбачыл коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына кошууга же башка ыкмалар менен менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон калган мүлктөрдү өз алдынча тескейт.
VI. Ишкананын эсеби, отчеттуулугу жана көзөмөлү
23. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз иштеринин натыйжаларынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
24. Ишкана белгиленген тартипте, өзүнүн каржылык-чарбалык иштеринин натыйжалары жөнүндө мамлекеттик органдарга зарыл маалыматтарды берет.
Ишкананын каржылык-чарбалык иштеринин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө Министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча, Ишкана каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
25. Ишканадагы бухгалтердик отчеттуулук маалыматтарынын тактыгы үчүн жооптуу адамдар, мамлекеттик менчикти уурдоону жашыруу максатында отчеттулукту бурмаланышына жол беришсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
26. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра уюштуруу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, уюштуруучунун чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
28. Ишкананын иштеринин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүм каражаттары, ага чарба жүргүзүү укугунда жана ыкчам башкарууга берилген мүлктөр, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча теңдеминде чагылдырылган башка мүлктөр түзөт.
|
|