Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-сентябрындагы №217
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 4-августундагы №87 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик бөлүктөрү жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле аскерге чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, аскерге чакыруудан бошотулууга укуктары болбогон, же аскерге чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандары мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу 2010-жылдын октябрь-декабрында чакырсын;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана каражаттар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын иштөөсүн уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыз кылышсын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, каражаттар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, жарандарга аскер кызматына чакыруудан кийинкиге калтыруу жана бошонуу укуктарын берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган, тынчтык мезгилде аскер кызматына жараксыз, согуш мезгилинде саптык эмес кызматка жарактуу, аскердик каттоодон чыгаруу менен аскер кызматына жараксыз жана ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарактуу деп табылган жарандарды контролдук медициналык кароону уюштуруу, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин токтотуу жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аскердик милдетти аткаруудан баш тарткан адамдарды издөөнү, кармоону жүргүзсүн жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келсин, райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 217 токтому менен бекитилген |
Карымбаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык баш- кармалыгынын аскердик жана альтернативдик кыз- маттарга чакыруу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Кускакбаев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- рациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнүн эксперти;
|
Лебедев И.В. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык баш- кармалыгынын аскердик жана альтернативдик кыз- маттарга чакыруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги;
|
Кутуев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык баш- кармалыгынын аскердик жана альтернативдик кыз- маттарга чакыруу башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
|
Усубалиев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык баш- кармалыгынын аскердик жана альтернативдик кыз- маттарга чакыруу башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
|
Мамбеталиев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык баш- кармалыгынын аскердик жана альтернативдик кыз- маттарга чакыруу башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси.
|