Редакцияот 07.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 7-октябрындагы № 233

«Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгисинин сүрөттөмөсүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы № 149 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын теш белгисинин тиркелген сүрөттемесү жана эскизи бекитилсин.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябындагы № 233 токтому менен бекитилген

 

«Анрель элдик революциясынын баагыры» атайын төш белгисинин сүрөттөмөсү

 

Төш белги латундан жасалат, алтын түстө.

Белги быдырлуу сүрөтгөлүштөгү диаметри 37 мм.болгон жети учтуу жылдыз формасында.

Белгинин бет тарабында 20 мм. диаметрлүү тегерек жайгашкан, тегеректин четтеринде быдырлуу сүрөттөлүштөгү эмен жалбырактары бар, алардын ортосунда «Апрель элдик революциясынын баатыры» деген жазуу жазылып, жазуунун астына эрдиктин жана каармандыктын символу болгон бүркүттүн сүрөтү тартылган.

Белги көзөнөктүн жана алкактын жардамы менен төрт бурчтуу формадагы, күндүн нурлары менен жээктелген түндүктүн сүрөтү бар кызыл тасма капталуучу металл колодка менен бириктирилет. Тасманын эни 18 мм. Белгинин бүткүл композициясынын жалпы бийиктиги 60 мм.

Белгинин бардык сүрөттөлүшү томпок. Арткы бетине белгинин катар номери чегип түшүрүлгөн. Төөнөгүч типтеги бекиткичтүү.