Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-октябры № 242
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).»;
- 2-пунктундагы «суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай» деген сөздөр «чарба» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши жөнүндө жободо:
- 5.2-пунктундагы «биринчи вице-премьер-министри» деген сөздөр «вице-премьер-министри» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.7 жана 6.3-пункттарындагы «секретариаты» деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «жумушчу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |