Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-октябрындагы №244
2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктарына № 1-4 тиркемелерге ылайык макулдук берилсин.
2. 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктарын тааныштыруу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
1-тиркеме
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешелери 17764,2 млн. сомду (ИДПга карата 9,0%) түздү, бул 2008-жылдагы кирешелерге караганда 31,2 пайызга көп, анын ичинде пландагы 10304,8 млн. сомдун ордуна 10806,1 млн. сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү түштү, же планды аткаруу 104,9 пайызды түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 9887,2 млн. сом утурумдук төлөмдөр жана 918,8 млн. сом өткөн жылдагы мөөнөтү өткөн карыздардын эсебинен түшкөн. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча утурумдук камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо деңгээли 91,2 пайызды түздү.
2008-жылга караганда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүшү 19,3 пайызга же 1751,9 млн сомго жогорулады, анын ичинде чарба субъекттеринен 877,1 млн сомго, бюджеттик уюмдардан 670,4 млн сомго, айыл чарба секторунан 11,3 млн. сомго, жеке эмгек ишмердик жүргүзгөндөрдөн ж.б. 47,1 млн сомго, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өткөн жылдарга карыздарды жыйноонун эсебинен 146,1 млн сомго жогорулады.
Республикалык бюджеттен аскер кызматчыларына пенсия төлөө, жеңилдик пенсияларга жана пенсияларга кошумча төлөөлөр, электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялык төлөмдөр үчүн милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар Социалдык фондго толугу менен келип түштү жана ал 2395,1 млн. сомду түздү. Алар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешесинин жалпы суммасынын 13,5%ын түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,9%га көп. Көбөйүү пенсиянын өлчөмү 48,7 пайызга жогорулагандыгына байланышкан.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын мөөнөттүү депозиттик эсептерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган мамлекеттик казына векселдерге, ошондой эле баалуу кагаздарга жайгаштыруудан жана башка булактардан алган кирешеси 2009-жылы бюджетте каралган 260,0 млн. сомдун ордуна 382,5 млн. сомду түздү, бул 122,5 млн. сомго көп.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2009-жылдагы чыгымдары 13414,3 млн. сомду түздү, анын ичинде: Пенсиялык фонддуку - 12697,3 млн. сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку - 675,4 млн. сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку- 41,6 млн. сом.
2009-жылы Пенсиялык фонддун чыгымдары 2008-жылдагыга караганда 3899,2 млн. сомго көбөйдү.
2009-жылы пенсияларды жогорулатуу эки этап менен жүргүзүлдү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-мартындагы № 147 «Пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2009-жылдын 1-апрелинен баштап пенсиянын базалык бөлүгү 630 сом өлчөмүндө белгиленген же 100 сомго көбөйгөн, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 12%га жогорулаган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 223 «Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 40 пайызга жогорулатылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы № 252 «Пенсиянын базалык бөлүгү жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2009-жылдын 1-июлунан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 800 сом өлчөмүндө белгиленген, же 170 сомго жогорулатылган.
Башкача айтканда, 2009-жылы бекитилген бюджетте каралган 15 пайыздык жогорулатуунун ордуна, пенсияларды жалпы жогорулатуу 48,7 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 «Электр энергиясына тарифтердин жогорулаганына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгына ылайык электр энергиясына компенсацияларды белгилөө үчүн пенсиянын чеги 1500 сомдон 2000 сомго чейин жогорулады.
Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы көрсөткүчтө пенсия орточо эсеп менен 685 сомго жогорулады. Электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 2111 сомду түздү.
2009-жылы жыл бою пенсия төлөөдө карыздарга жол берилген жок. Алсак, 2010-жылдын 1-январына карата электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде пенсия төлөөгө керектелүүчү 11402,1 млн. сом толугу менен каржыланды.
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сөөк коюуга жөлөк пул пенсиянын базалык бөлүгүнүн 10 эселенген өлчөмүндө белгиленген. Ага жараша 2009-жылдын 1-июлунан тартып сөөк коюуга төлөмдүн өлчөмү 8000 сомду түздү же 1700 сомго жогорулады. Жалпысынан 2009-жылы сөөк коюуга 137,5 млн. сом суммасында жөлөк пул төлөнгөн.
«2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун административдик чыгымдарына бюджетте каралган 359,1 млн. сомдон 309,0 млн. сом каржыланган.
2009-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өз учурунда 675,4 млн. сом суммасында каржыланган, бул бюджетте каралгандан 8,3 млн. сомго көп, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 41,6 млн. сом суммасында каржыланган.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан кошумча каражаттарды табуунун жана Социалдык фонддун 2009-жылга такталган бюджетине киргизүүнүн эсебинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өткөн жылдар үчүн 90,0 млн. сом суммасында карыздар, ошондой эле Социалдык камсыздандыруу фондуна 2,5 млн. сом суммасында карыздар жоюлган.
Социалдык фонддун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары боюнча жыл башындагы калдыктарды кошуп эсептегенде профицит 4349,9 млн. сомду түздү. Башкача айтканда, Социалдык фонд калдыктарды сактап гана калбастан, аны көбөйтө алды, 627,1 млн. сом суммасында пландык дефицитти жапты жана 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча планды 104,9%га ашыра аткаруунун эсебинен 169,4 млн. сом суммасында профицит алды.
2009-жылы камсыздандыруу базасын кеңейтүү максатында бардык эмгекке жарамдуу жарандарды персонификациялык эсепке алуу, аларга идентификациялык номерлерди ыйгаруу жана жеке камсыздандыруу эсептерин ачуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. 2010-жылдын 1-январына карата персонификациялык эсепке алуу системасында эсепте турган жарандардын саны 4,3 млн. адамды же калктын жалпы санынын 83,1 пайызын түздү, анын ичинде иш менен алектенгендер - 1,7 млн. адам же экономикалык жактан активдүү калктын 95,3 пайызы. Камсыздандырылган жарандарга жеке камсыздандыруу эсептеринен топтолгон төгүмдөрүнүн суммасын көрсөтүү менен көчүрмөлөр жөнөтүлүүдө. Жалпы жонунан 2009-жылы жеке камсыздандыруу эсептеринен 0,9 млн. көчүрмө жөнөтүлгөн.
Пенсияларды төлөөдө байланыш ишканалары тарабынан пенсиялык каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары жоюлган эмес. Алсак, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 10,2 млн. сом суммасында финансылык тартип бузуулар табылып, 10,2 млн. сом калыбына келтирилген.
Бюджетти аткаруу боюнча иштерде кемчилик кетирген Социалдык фонддун органдарынын жетекчилери жана адистери финансылык тартип бузуу фактылары боюнча катуу жоопкерчиликке тартылышты.
2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын жыйынында каралды.
2-тиркеме
(млн. сом)
| Позициянын № | 2009-жылга такталган бюджет | 2009-жылга бюджеттин аткарылышы |
Бардык кирешелер | 1 | 12959,9 | 17764,2 |
ИДПга карата % менен | 2 | 6,0 | 9,0 |
- Пенсиялык фондго | 3 | 12244,5 | 17033,4 |
анын ичинде: |
|
|
|
Жыл башындагы калдыктар | 4 |
| 4180,5 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 5 | 667,1 | 691,0 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | 6 | 48,3 | 39,8 |
I. Камсыздандыруу төгүмдөрү, бардыгы | 7 | 10304,8 | 10806,1 |
- Пенсиялык фондго | 8 | 9589,4 | 10075,3 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 9 | 667,1 | 691,0 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | 10 | 48,3 | 39,8 |
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 11 | 10304,8 | 10806,1 |
- жумуш берүүчүдөн: | 12 | 7601,2 | 7975,5 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 13 | 6885,8 | 7244,7 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 14 | 667,1 | 691,0 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 15 | 48,3 | 39,8 |
кызматкерден: | 16 | 2703,6 | 2830,6 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 17 | 2703,6 | 2830,6 |
1. Өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 18 | 5683,7 | 5845,0 |
жумуш берүүчүдөн: | 19 | 4008,3 | 4124,3 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 20 | 3573,7 | 3683,7 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 21 | 406,3 | 414,8 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 22 | 28,3 | 25,8 |
кызматкерден: | 23 | 1675,4 | 1720,7 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 24 | 1675,4 | 1720,7 |
2. Бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 25 | 3454,9 | 3737,8 |
жумуш берүүчүдөн: | 26 | 2436,5 | 2636,0 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 27 | 2172,2 | 2354,9 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 28 | 247,0 | 267,4 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 29 | 17,3 | 13,7 |
кызматкерден: | 30 | 1018,4 | 1101,8 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 31 | 1018,4 | 1101,8 |
3. Айыл чарбасынын уюмдашкан секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 32 | 31,2 | 25,1 |
жумуш берүүчүдөн: | 33 | 22,0 | 17,8 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 34 | 19,6 | 15,7 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 35 | 2,2 | 2,0 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 36 | 0,2 | 0,1 |
кызматкерден: | 37 | 9,2 | 7,3 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 38 | 9,2 | 7,3 |
4. Фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 39 | 172,8 | 75,8 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 40 | 161,2 | 71,4 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 41 | 11,6 | 4,4 |
5. Жеке ишкердик менен алектенгендердин камсыздандыруу төгүмдөрү | 42 | 157,2 | 198,6 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 43 | 154,8 | 196,2 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 44 | 0,0 | 2,2 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 45 | 2,4 | 0,2 |
6. Жеңилдик берилген уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 46 | 5,0 | 4,8 |
жумуш берүүчүдөн: | 47 | 4,4 | 4,0 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 48 | 4,3 | 3,8 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 49 | 0,0 | 0,2 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 50 | 0,1 | 0,0 |
кызматкерден: | 51 | 0,6 | 0,8 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 52 | 0,6 | 0,8 |
Жыл ичиндеги (учурдагы) бардык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 53 | 9504,8 | 9887,2 |
жумуш берүүчүдөн: | 54 | 6801,2 | 7056,6 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 55 | 6085,8 | 6325,8 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр | 56 | 667,1 | 691,0 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерүүлөр | 57 | 48,3 | 39,8 |
кызматкерден: | 58 | 2703,6 | 2830,6 |
- Пенсиялык фондго чегерүүлөр | 59 | 2703,6 | 2830,6 |
7. Өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү | 60 | 800,0 | 918,9 |
II. Башка кирешелер (дивиденддер ж.б.) | 61 | 260,0 | 382,5 |
III. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 62 | 2395,1 | 2395,1 |
анын ичинде: |
|
|
|
- электр энергиясы үчүн компенсация | 63 | 526,3 | 526,3 |
- аскер кызматчыларынын пенсиялары жана камсыздандыруу | 64 | 504,1 | 504,1 |
- пенсиялар жана пенсияга кошумча төлөөлөр | 65 | 1364,7 | 1364,7 |
Бардык чыгымдар | 66 | 13587,0 | 13414,3 |
ИДПга карата % менен | 67 | 6,3 | 6,8 |
I. Пенсиялык каражаттар боюнча | 68 | 12871,6 | 12697,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
- пенсиялар | 69 | 10925,3 | 10921,4 |
- электр энергиясы үчүн компенсация | 70 | 517,5 | 480,7 |
- жеткирүү боюнча чыгымдар | 71 | 197,0 | 159,7 |
- банктык тейлөөгө чыгымдар | 72 | 38,9 | 38,9 |
- аскер кызматчыларынын пенсиялары жана камсыздандыруу | 73 | 504,1 | 466,1 |
- сөөк коюуга пособие | 74 | 144,9 | 137,5 |
- ММКФнын карыздарын жабууга кеткен чыгымдар | 75 | 90,0 | 90,0 |
- Социалдык камсыздандыруу фондунун карыздарын жабууга кеткен чыгымдар | 76 | 2,5 | 2,5 |
- персонификациялык эсепке алуу боюнча чыгымдар | 77 | 12,0 | 11,9 |
- Социалдык фонддун административдик чыгымдары | 78 | 359,1 | 309,0 |
башка чыгымдар | 79 | 80,3 | 79,6 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна | 80 | 667,1 | 675,4 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | 81 | 48,3 | 41,6 |
Бюджеттин дефицити (-), профицити (┼) | 82 | -627,1 | 4349,9 |
- Пенсиялык фонддуку | 83 | -627,1 | 4336,1 |
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунуку | 84 | 0,0 | 15,6 |
- Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунуку | 85 | 0,0 | -1,8 |
ИДП | 86 | 214240,5 | 196423,1 |
3-тиркеме
(млн. сом)
| Позициянын № | 2009-жылга такталган бюджет | 2009-жылга бюджеттин аткарылышы |
Бардык кирешелер | 1 | 757,1 | 781,0 |
анын ичинде: |
|
|
|
1. Түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү | 2 | 667,1 | 691,0 |
- өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардан: | 3 | 406,3 | 414,8 |
- бюджеттик уюмдардан: | 4 | 247 | 267,4 |
- айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан: | 5 | 2,2 | 2,0 |
- фермердик, дыйкан чарбалардан | 6 | 11,6 | 4,4 |
- жеке ишкердик менен алектенгендерден | 7 |
| 2,2 |
- жеңилдик берилген уюмдардан | 8 |
| 0,2 |
2. Өткөн жылдар үчүн карыздардын жоюлушу | 9 | 90,0 | 90,0 |
Бардык чыгымдар | 10 | 757,1 | 655,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
- медициналык тейлөөнү каржылоо | 11 | 704,6 | 605,9 |
- административдик чыгымдар | 12 | 44,5 | 44,5 |
- маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 13 | 5,0 | 5,0 |
- саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 14 | 3,0 | 0,3 |
Бюджеттин дефицити (-), профицити (┼) | 15 | 0,0 | 125,3 |
4-тиркеме
(млн. сом)
| Позиция нын № | 2009-жылга такталган бюджет | 2009-жылга бюджеттин аткарылышы |
Бардык кирешелер | 1 | 48,3 | 42,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
1. Түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү | 2 | 48,3 | 39,8 |
- өнөр жай жана башка ишканалар менен уюмдардан: | 3 | 28,3 | 25,8 |
- бюджеттик уюмдардан: | 4 | 17,3 | 13,7 |
- айыл чарбасынын уюмдашкан секторунан: | 5 | 0,2 | 0,1 |
- жеке ишкердик менен алектенгендерден | 6 | 2,4 | 0,2 |
- жеңилдик берилген уюмдардан | 7 | 0,1 | 0,0 |
2. Өткөн жылдар үчүн карыздардын жоюлушу | 8 |
| 2,5 |
Бардык чыгымдар | 9 | 48,3 | 42,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
- санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 10 | 43,8 | 37,9 |
- санаторий-профилакторийлерди кармоо | 11 | 0,0 | 0,0 |
- ден соолукту чыңдоо борборлорун кармоо | 12 | 3,1 | 3,0 |
- уюштуруу-административдик чыгымдар | 13 | 1,4 | 1,4 |
Бюджеттин дефицити (-), профицити (┼) | 14 | 0,0 | 0,0 |