Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-ноябры № 272
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 «Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө жободо:
- 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттун е) пунктчасындагы «мамлекеттер аралык» деген сөздөр «эл аралык, региондук» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча «СМУИ», «СМУИге» деген кыскартылган сөздөр «СМБ» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |