Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 токтому менен бекитилген |
Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 13 июля 2020 года № 379,КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле бул фонддон пайдалануунун эрежесин белгилейт.
2. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду техникалык жөнгө салуу жана сапат чөйрөсүндөгү документтердин уюштуруучулук иретке салынган жыйындысын билдирет жана жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп эсептелет.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун түзүмүнө стандарттар жөнүндө маалыматтарга тийиштүү ("Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуучу улуттук Маалымат кызматы кирет .
5. Техникалык регламенттер жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду аткаруу бийлигинин органдары, чарбалык ишмердүүлүк субъекттери, коомдук бирикмелер, техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар өз-ара аракеттенген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары СМБ) тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун курамы жана иш жүргүзүү тартиби
6. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун курамына төмөнкүдөй документтер кирет:
а) техникалык регламенттер (эл аралык келишимдер менен кабыл алынган жана белгиленген тартипте күчүнө кирген документтер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, же техникалык жөнгө салуу объекттерине колдонуу жана сактоо үчүн милдеттүү талаптарды белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору);
б) стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча документтер: улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштар, эл аралык, региондук (мамлекеттер аралык) стандарттар, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынган башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, региондук эрежелердин жыйындысы жана башка мамлекеттердин эрежелеринин жыйындысы, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору.
Документтер расмий жарыялоо катарында жана электрондук-сандык түрдө Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. СМБ төмөнкүлөрдү уюштурат:
а) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун тийиштүү документтер менен комплектөө;
б) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтерин борбордоштуруп эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле аларды өз учурунда актуалдаштыруу;
в) техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун жоюлган (күчүн жоготкон) документтерин (5 жыл) сактоо;
г) чет өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана улуттук органдар менен стандартташтыруу боюнча документтерин алмашуу;
д) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлөрдүн эл аралык (региондук) жана улуттук стандарттарын жайылтууга укук берүү жөнүндө чет өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана улуттук органдары менен келишимдерди түзүү;
е) кайрадан ишке киргизилген, ошондой эле кайрадан басылып чыгарылуучу улуттук стандарттарды, улуттук стандарттардын жыйнактарын, эл аралык, региондук стандарттарды (электрондук-сандык форматта алынган), Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча маалыматтык каталогдорун жана бюллетендерин расмий жарыялоо (даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу);
ж) улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүлөрдү жана улуттук стандарттарды иштеп чыгуу, кайра кароо жана ишке киргизүү боюнча программаларды электрондук-сандык формада жарыялоо;
з) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документтерин иштеп чыгуу (кабыл алуу) программасы жөнүндө маалыматтарга тийиштүү Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусунун жоболорун аткаруу ("Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);
и) пайдалануучуларга продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүн көрсөтүү:
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтери (алардын болушу, колдонулуу мөөнөтү, киргизилген өзгөртүүлөр, кайра кароо, өзгөртүү жана жоюу тууралуу), иштеп чыгуучулар жана аларды бекиткен органдар жөнүндө маалыматтар;
- фонддун документтери жана алардын көчүрмөсү кагазда жазуу жана/же электрондук-сандык түрдө;
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөр (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу, стандартташтыруу боюнча маалыматтык бюллетендер).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди аткарууга өзгөчө укук СМБге берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырларды камтыган документтерди кошпогондо Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтерине эркин жетүү камсыздалат.
10. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү республикалык бюджеттин, ошондой эле СМБнин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүсүнүн каражаттарынын, донордук жардамдардан жана гранттардын эсебинен ишке ашырылат.
III. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун пайдалануу эрежеси
11. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык абонент боюнча кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү стандартташтыруу боюнча суралуучу документтерди издөө, тандоо жана керектөөчүлөрдү тейлөө (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу жана стандартташтыруу боюнча ар кварталдык маалыматтык бюллетендер (ушул Жобонун 7-пунктунун "и" пунктчасынын үчүнчү абзацы) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү баалардын прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомунун редакциясына ылайык)
12. (Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана чет өлкөлүк уюмдардын документтерин жайылтуу үчүн акынын өлчөмү эл аралык (региондук) стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жайылтууга укук берүү жөнүндө келишимдердин жоболорун эске алуу менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 токтомуна ылайык күчүн жоготту)