КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 11-майы № 345
Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун ишин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго (мындан ары СМБ) жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ф.Кулов |