Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 5-ноябры № 272

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 «Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө жободо:

- 5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары СМБ)» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пункттун е) пунктчасындагы «мамлекеттер аралык» деген сөздөр «эл аралык, региондук» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бүткүл текст боюнча «СМУИ», «СМУИге» деген кыскартылган сөздөр «СМБ» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 533 «2006-2010-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча «2010-жылдарга» деген цифралар жана сөз «2011-жылдарга» деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- 2006-2011-жылдарга Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасына ылайык белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору түрүндө техникалык регламенттерди иштеп чыгууну камсыз кылышсын;»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2006-2010-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасында:

- аталышындагы «2010-жылдарга» деген цифралар жана сөз «2011-жылдарга» деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;

- 4-пункттун «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2009-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын II кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттун «Жооптуу иштеп чыгуучулар» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«ССМ, ЖРМ, Токойагенттиги, Суучарбакомитети, Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИ (макулдашуу боюнча), СМБ (макулдашуу боюнча)»;

- 6, 7, 8, 9, 11, 12 жана 30-пункттардын «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2009-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 15-пункттун «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2009-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын IV кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 16-пунктта:

«КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2009-жылдын I кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

«Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Мамкентехкөзөмөл, Энермин, Экономмин, Эмгекмин, Транскоммин, АЧМ, Мамкурулуш, ИИМ, ӨКА, Токойагенттиги, СМБ (макулдашуу боюнча)»;

17-пункттун «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 18-пунктта:

«КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

«Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«ӨКМ, Мамкурулуш, ИИМ, ССМ, Транскоммин, Энермин, АЧМ, Экономмин, Токойагенттиги жана башкалар (макулдашуу боюнча)»;

- 19-пункттун «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

20, 22, 28 жана 31-пункттардын «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 21-пунктта:

«ТРнын (1) аталышы» графасындагы «Спирт ичимдиктерине, арактарга, тундурмалардын коопсуздугу жөнүндө» деген сөздөр «Этил спиртинин, арактардын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;

«КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1, 21-2 пункттары менен толукталсын:

«

21-1

Жүзүм жана мөмө спирттерин пайдалануу менен шараптардын, шарап материалдарынын жана күчтүү

ичимдиктердин коопсуздугу жөнүндө

2010 - жылдын II

кварталы

2010- жылдын III

кварталы

Экономминдин убактылуу

жумушчу тобу

Бюджеттик эмес

21-2

Пивонун коопсуздугу жөнүндө

2010 - жылдын II

кварталы

2010- жылдын III

кварталы

Экономминдин убактылуу

жумушчу тобу

Бюджеттик эмес

».

- 23-27-пункттардын «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2009-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын IV кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 29-пунктта:

- «КР Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (1)» графасындагы «2010-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2011-жылдын III кварталы» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

«Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«АЧМ, ССМ, Экономмин, Токойагенттиги, КАУ жана башкалар (макулдашуу боюнча)»;

40, 42-пункттардын «Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасындагы «Отунэнермин» деген кыскартылган сөз «Экономмин, Энермин» деген кыскартылган сөздөргө алмаштырылсын;

- 46, 47, 50 жана 52-пункттардын «Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасындагы «Отунэнермин» деген кыскартылган сөз «Экономмин» деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;

- 49-пункттун «Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

- «Мамтехкөзөмөл, ӨКА, Энермин, Экономмин, Мамкурулуш, Токойагенттиги, ССМ, СМБ (макулдашуу боюнча)»;

- «Жооптуу иштеп чыгуучулар» деген графасынын бүткүл тексти боюнча «Экономсоодамин», «АЧМ», «Отунэнермин», «Эмгексоцмин», «МУКК», «СМУИ», «Мамгеология», «УБА», «Өрткө каршы кызмат», «КТУ» деген кыскартылган сөздөр тиешелүү түрдө «Экономмин», «АЧМ», «Энермин», «Эмгекмин», «МУКК», «СМБ», «ЖРМ», «МБА», «ӨКА», «КМТУ» деген кыскартылган сөздөргө алмаштырылсын;

- эскертүүдөгү:

үчүнчү абзацтагы «демөөрчүлөрдөн» деген сөз «юридикалык жактардан жана эл аралык донорлордон» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Программадагы кабыл алынган кыскартуулар:

 

Экономмин

- Экономикалык жөнгө салуу министрлиги

АЧМ

- Айыл чарба министрлиги

Энермин

- Энергетика министрлиги

ӨКМ

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Транскоммин

- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

ССМ

- Саламаттык сактоо министрлиги

Эмгекмин

- Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги

Коргоомин

- Коргоо министрлиги

ИИМ

- Ички иштер министрлиги

ЖРМ

- Жаратылыш ресурстары министрлиги

Суучарбакомитети

- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети

МУКК

- Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы

СМБ

- Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор

Мамкурулуш

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги

Токойагенттиги

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик

МБА

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги

ӨКА

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик

Мамкентехкөзөмөл

- Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция

Энергетика жана

- Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетигаз маминспекциясы ка жана газ боюнча мамлекеттик инспекция

КИТБ

- Кыргыз илимий-техникалык борбору

КАУ

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети

КМТУ

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

АК

- Акционердик коом

ААК

- Ачык акционердик коом

ТК

- 02 - Техникалык комитет - 02».

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 820 «2010-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2010-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3, 10-18 жана 21-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева