Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык зоналарын өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Кыргыз курорттуризм ИИДИ).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар куруу илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун Ысык-Көл филиалын жойсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар куруу илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун Ысык-Көл филиалынын мүлкү жана жабдуулары Кыргыз курорттуризм ИИДИнин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз курорттуризм ИИДИ жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо».
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана юстиция органдарында Кыргыз курорттуризм ИИДИни мамлекеттик каттоодон белгиленген тартипте өткөрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш маселелери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 токтому менен бекитилген |
I. Негизги жоболор
1. Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча архитектура жана курулуш жаатындагы ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык зоналарын өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлгөн.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн токтомдорун, Мамкурулуштун буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп эсептелет, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары, ошондой эле иштөө үчүн зарыл болгон белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү жана штамптары, өз алдынча балансы, банктарда алыш-бериш эсеби бар болот.
Институт өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет жана ишин чарба жүргүзүү укугунда жүргүзөт.
Институт өзүнө бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүргүзөт, ал киреше түшкөн ишти жүргүзүү жана түшкөн кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөө укугуна ээ. Өзүн өзү каржылоо жана өзүн актоочулук экономикалык негизи болуп эсептелет.
4. Институт жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаары, ПМК-107 өнөр жай зонасы.
6. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту;
- расмий тилде: Кыргызский научно-исследовательский и проектный институт по курортно-рекреационным и туристическим комплексам Государственного агентства архитектуры и строительства при Правительстве Кыргызской Республики.
II. Негизги милдеттери
7. Институттун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча илимий-изилдөө иштерин камсыз кылуу, туристтик комплекстерди толук пландоонун долбоорлорун, схемаларын иштеп чыгуу;
- курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
- курорттук ден соолукту чыңдоо жайлары, туризм жана эс алуу объекттери үчүн, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын турак жай-жарандык, социалдык-курорттук, өнөр жай жана айыл чарбалык арналыштагы объекттерин реконструкциялоо жана реставрациялоо үчүн долбоорлоо-пландоо документтерин иштеп чыгуу.
III. Институттун функциялары
8. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Институт төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгат, архитектура жана шаар куруу боюнча нормативдик документтерди оңдоону жана стандартташтырууну жүргүзөт, ошондой эле курорттук жана туристтик объекттер боюнча архитектуралык-шаар куруу кадастрын түзөт;
- архитектура жана шаар куруу, инженердик системалар, курорттук зоналардын курчап турган чөйрөсүн коргоо жаатындагы илимий-изилдөө жана илимий-маалымдоо ишин, жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоону жүргүзөт;
- курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстердин тарыхый мурас жана реконструкциялоо жагындагы теориялык маселелерин иштеп чыгат;
- курорттук-рекреациялык зоналардагы архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышат;
- курулуштук пландоо аркылуу турак жай-жарандык курулушка архитектура жана шаар курулуш, райондук пландоо жана инженердик курулуш жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизет;
- курорттук-рекреациялык жана туристтик объекттердин эксперименталдуу жана типтүү долбоорлорун иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстеринин калктуу конуштарынын негизги пландарын ишке ашырууга жана толук пландоонун долбоорлоруна мониторинг жүргүзөт;
- Институт иштеп чыккан долбоорлоо документтери боюнча жүргүзүлүүчү курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзөт.
IV. Институттун укуктары
9. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- аймактык органдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды Мамкурулушка белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин алкагында Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилген акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- Институттун компетенциясына кирген иштердин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзүү жөнүндө сунуштарды Мамкурулушка киргизүүгө;
- тикелей ишканалардан, уюмдардан жана айрым жарандардан, анын ичинде базарлардан, жармаңкелерден, аукциондордон, биржалардан жана башка ортомчу уюмдардан Кыргыз Республикасынын Мамкурулушу менен макулдашуу боюнча материалдык ресурстарды, негизги каражаттарды белгиленген тартипте сатып алууга жана ижарага алууга;
- курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстердин негизги пландарын макулдашууга жана аларды ишке ашыруу боюнча автордук көзөмөл жүргүзүүгө.
V. Институттун ишин уюштуруу
10. Институтту директор жетектейт, аны Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
11. Институттун директорунун орун басары болот. Директордун орун басарын Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Институттун директору:
- өз ишинде Мамкурулуштун директоруна тикелей баш ийет;
- Институттун ишин жетектейт жана Институтка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Институттун түзүмүн жана штаттык санын Мамкурулуштун директоруна бекитүүгө берет;
- Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- ишеним каты жок эле Институттун атынан иштейт, анын кызыкчылыгын республиканын бүткүл мамлекеттик органдарында жана уюмдарында билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди өзүнүн компетенциясынын чегинде чыгарат жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- белгилүү бир иштердин аткарылгандыгы жөнүндө эмгек келишимдерин түзөт.
13. Маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, архитектуралык, инженердик долбоорлорду жана экономикалык маселелерди кароо үчүн Институтта кеңешүүчү орган катары Институттун, башка уюмдардын, коомдук уюмдардын квалификациялык адистеринен архитектуралык-шаар куруу жана илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңешти Институттун директорунун орун басары жетектейт. Бул кеңештер жөнүндө жоболорду Мамкурулуштун директору бекитет.
VI. Институттун мүлкү
14. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүчү каражаттар, ошондой эле Институтка оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана анын балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Институттан анын негизги фонддорун, жүгүртүүчү каражаттарын жана пайдаланылып жаткан мүлкүн алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
VII. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
16. Институтту кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
17. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
18. Институттун иштөө процессинде пайда болгон документтер Институт жоюлган учурда «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.