Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 9-ноябры № 275
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын пилоттук долбоор катары киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын И.Раззаков атындагы № 20, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын Л.Толстой атындагы жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдекум айылынын М.Фрунзе атындагы № 10 жалпы билим берүүчү мектептеринин педагогикалык кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы билим берүү уюмдарынын, кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөөнүн жаңы шарттары пилоттук долбоор катары 2010-2011-окуу жылында Ош шаарынын И.Раззаков атындагы № 20, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын Л.Толстой атындагы жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдекум айылынын М.Фрунзе атындагы № 10 мектептерге (мындан ары - пилоттук мектептер) 2010-жылдын 1-ноябрынан баштап киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- пилоттук мектептердин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларынын ставкалары 1-тиркемеге ылайык;
- пилоттук мектептердин жетекчилеринин кызматтык маяналары 2-тиркемеге ылайык;
- пилоттук мектептердин жетекчилерине жана педагогикалык кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптар 3-тиркемеге ылайык.
3. Пилоттук мектептерде окуу-көмөкчү жана чарбалык персоналдын колдонуудагы кызматтык маяналары сакталсын.
4. Эгерде кызматкерлердин кызматтык милдеттеринин көлөмү сакталып, алар ошол эле квалификациядагы иштерди аткарып, бирок эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасына ылайык белгиленген эмгек акы эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасы киргизилгенге чейин төлөнгөн эмгек акыдан аз болуп калса, анда алардын ошол мектепте иштеген мезгил бою колдонулуп жаткан эмгек акысы педагогикалык иш стажы үчүн үстөктөрдү эсепке алуу менен сакталат.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-2011-жылдарга пилоттук мектептерде эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү үчүн кошумча акча бөлсүн.
6. Пилоттук мектептерде үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
- илимий даражасы үчүн;
- ардак наамдары үчүн;
- педагогикалык кызматкерлерге класс жетекчилик үчүн;
- педагогикалык кызматкерлерге гимназиялык класстарда иштегендиги үчүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пилоттук долбоордун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги пилоттук мектептердин кызматкерлеринин арасында эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары жөнүндө маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2011-жылдын 1-августуна чейин пилоттук мектептерде мониторинг жүргүзсүн жана долбоордун натыйжаларын жалпылаштырсын жана долбоорду республиканын башка билим берүү уюмдарына жайылтуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом 2010-жылдын 1-ноябрынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
1-тиркеме
Пилоттук мектептердин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларынын
ставкалары
Квалификациялык категориясы бар педагогикалык кызматкер | Ставканын өлчөмү, сом менен |
- категориясы жок | 3000 |
- экинчи категория | 3300 |
- биринчи категория | 3600 |
- жогорку категория | 4000 |
Эскертүү:
- педагогикалык кызматкерге класс жетекчилик үчүн педагогикалык ставканын өлчөмүнө карабастан 400 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет;
- педагогикалык кызматкерге гимназиялык класста иштегендиги үчүн ставкага 300 сом өлчөмүндө кошумча төлөө белгиленет.
2-тиркеме
Пилоттук мектептердин жетекчилеринин кызматтык маяналары
Кызмат ордунун аталышы | Кызматтык маянанын өлчөмү, сом менен |
Директор | 5060 |
Директордун орун басары | 4400 |
3-тиркеме
Квалификациялык талаптар
Мектептин директору
1. Кызматтык милдеттери:
- жалпы билим берүүчү уюмдун ишинин бардык багыттары жана окуу-тарбия берүү процессинин бардык этаптарында келечектүү жана учурдагы пландаштырууну уюштурат;
- жалпы билим берүүчү уюмду өнүктүрүүнүн бардык багыттарын иштеп чыгууну уюштурат жана анын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
- мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, жалпы билим берүүчү уюмдун таламдарын жана укуктарын көздөйт жана коргойт;
- педагогикалык кеңештин жана мектеп китепканасынын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын, «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз элинин жана республикада жашаган башка элдердин эң мыкты каада салттарында камтылган негизги принциптерди изилдөө боюнча ишти контролдойт;
- окуу планынын мектептик компонентин бекитет жана жүзөгө ашырууну контролдойт;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окуу планынын жана билим берүү программаларынын аткарылышын, окуучулардын билим сапатын, окуу-тарбиялоо ишинин мазмунун жана натыйжалуулугун контролдойт;
- окуу-тарбиялоо ишинде жаңы технологияларды киргизүү боюнча ишти уюштурат;
- бүтүрүүчүлөрдүн жана окуучулардын бүтүрүү экзамендерин мамлекеттик жыйынтык аттестациялоону уюштурууну жана өткөрүүнү контролдойт;
- педагогикалык кызматкерлерди жана техникалык персоналды тандоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат;
- билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитилген квалификациялык мүнөздөмөлөргө жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык белгилейт;
- билим берүү уюмунун педагогикалык персоналынын натыйжалуу иши, алардын чыгармачылык жана илимий-теориялык өсүшү, педагогикалык тажрыйбаларды жүзөгө ашыруу, кесиптик устаттыкты жана кайра даярдоону жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзөт;
- эмгекте өзгөчө айырмаланган педагогикалык кызматкерлерди сыйлыктарга жана сый акыларга көрсөтөт, өз компетенциясынын чектеринде жаза колдонот;
- мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди сактоону жана берүүнү камсыз кылат (жалпы негизги билим берүү күбөлүк, орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестат), ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө берилген маалыматтын аныктыгын камсыз кылат;
- балалыкты коргоо, окуучулардын жана педагогикалык жамааттын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча талаптарды сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жалпы билим берүү уюмунун финансы-чарбалык иши үчүн жоопкерчилик тартат;
- билим берүү уюмунун бюджеттик каражаттарын жана башка булактардан келип түшкөн каражаттарды рационалдуу пайдаланууну камсыз кылат, финансылоонун жаңы булактарын тартат жана киреше алып келүүчү ишти уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдун мүлкүн жана башка каражаттарын тескейт;
- жалпы билим берүүчү уюмдун окуу-материалдык-техникалык базасын эсепке алууну, сактоону жана толуктоону, аны окутуу-тарбия берүү процессинде натыйжалуу жана педагогикалык жактан ынанымдуу пайдаланууну камсыз кылат жана жоопкерчилик тартат;
- ички эмгектик күн тартибинин эрежелерин, санитардык-гигиеналык режимди, коопсуздук техникасын жана өрткө каршы коргонуу, окуучуларды жана персоналды коргоо боюнча жоопкерчилик тартат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу финансылаган жалпы билим берүү уюмунун толук жана учурдагы ремонтту өткөрүүнү жүргүзүшүн контролдойт;
- окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), коомчулук жана жалпы билим берүү уюмун камкордук кылган коомчулук жана ишканалар менен ишти уюштурат;
- мектептик документтерди жана иш кагаздарын жүргүзүүнү тууралыгын камсыз кылат.
2. Төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо, педагогика жана педагогикалык психология, социологиянын негиздери жана балдардын физиологиясы жана гигиенасы, дүйнөлүк жана ата мекендик педагогикалык илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктери, билим берүүнү башкаруу жана финансылоо негиздери, мамлекеттик институттардын функциялары жана укуктары, мамлекеттик институттардын жана балдарга билим берүү жана тарбиялоо жагында коомдук уюмдардын функциялары жана укуктары, Балдардын укуктары жөнүндө конвенция, педагогикалык этиканын ченемдери, коопсуздук техникасы жана өрткө каршы коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
3. Квалификациялык талаптар: жогорку педагогикалык билим, педагогикалык кызматта беш жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп үч жылдан кем эмес иштеши керек.
Жалпы билим берүү уюмунун директору болуп Кыргыз Республикасынын 30 тан жаш эмес жана пенсия курагынан ашпаган жараны дайындалат. Директордун кызмат ордуна соттуулугу бар жана көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген адамдарды дайындоого жол берилбейт.
Директордун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары
1. Кызматтык милдеттери:
- ишенип берилген жагында жалпы билим берүүчү уюмдун педагогикалык жамаатынын ишин уюштурат жана контролдойт;
- билим берүү уюмунун өнүгүүсүнүн негизги багыттарын педагогикалык жамаат менен бирдикте жүзөгө ашырат;
- окуу пландарын жана жалпы билим берүү программаларын аткаруу боюнча педагогикалык кызматкерлердин усулдук ишин камсыз кылат жана координациялайт;
- педагогикалык жамаат менен бирдикте окуу планынын мектептик компонентин түзөт жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- окуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын киргизүүнү камсыз кылат жана талдайт;
- бүтүрүүчүлөрдүн жана окуучулардын бүтүрүү экзамендерин мамлекеттик жыйынтык аттестациялоону уюштурат;
- мектептик маалыматтык блоктун абалы жана толтурулушу (класстардын тизмеси, окуучулардын өздүк иштери, класстык журналдар ж.б., отчеттук документтердин өз убагында түзүлүшүн камсыз кылган мектеп документтери) үчүн жооп берет;
- окуучулардын билим алуусунун сапатына жана жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашырат, окуу сабактарынын расписаниесин түзүүнү жана окуу жана тарбия ишинин ар кандай түрлөрүн өткөрүүнү пландаштырат;
- окуу-тарбиялоо процессинин өркүндөтүү жана окуучулардын билимин объективдүү баалоо боюнча сунуштарды киргизет жана аларды жүзөгө ашырат;
- педагогикалык кеңештин жыйналыштарына, усулдук семинарларга ж.б. жигердүү катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын окуп-үйрөнүү, «Манас» эпосунун жана кыргыз элинин жана республикада жашаган башка элдердин мыкты салттарында түптөлгөн принциптердин негизинде окуучуларды аскердик-жарандык жана адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишти уюштурат;
- жалпы билим берүүчү уюмдун окуу-тарбиялоо чөйрөсүнүн абалын көзөмөлдөйт, кесиптештеринин жана окуучулардын арасында этика ченемдеринин сакталышына контролдук кылат;
- педагогикалык кызматкерлерди жайгаштырууга катышат, алардын квалификациясын жана кесиптик устаттыгын жогорулатууну уюштурат;
- окуучуларды педагогикалык жактан негизделген класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы тарбиялоо иштеринин аткарылышына контролдук кылат;
- биргелешкен окуу-тарбиялоо ишин жүзөгө ашыруу үчүн ишканалар, мекемелер, бирикмелер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), коомдук уюмдар ж.б. менен байланыштарды түзөт;
- балалыкты коргоо боюнча эрежелерди, жашы жете электердин укуктарын жана таламдарын коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо жана өрткө каршы коргонуу, санитардык-гигиеналык режимди, педагогикалык жамааттын эмгегин коргоо боюнча талаптардын сакталышын камсыз кылат жана аткарат;
- жалпы билим берүүчү уюмдун окуу-материалдык-техникалык базасын эсепке алуу, сактоо жана толуктоо боюнча талаптарды аткарат жана жоопкерчилик тартат;
- педагогикалык кызматкерлерге, окуучулардын өз алдынча башкарууларына жана коомдук уюмдарга билим берүү, маданий-чыңдоочу иш чараларды өткөрүүдө усулдук жана уюштуруучулук жардамды көрсөтөт, окуу жылынын аралыгында окуучулардын контингентин түзөт жана аларды сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- окуучуларды медициналык тейлөөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат.
2. Төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, окуу-тарбия процессин уюштуруу, педагогика жана педагогикалык психология, социологиянын негиздери, балдардын гигиенасы жана физиологиясы, дүйнөлүк жана ата мекендик педагогикалык илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктери, билим берүүнү башкаруу жана финансылоо негиздери, окуучулардын бош убактысын уюштуруу методикасы, мамлекеттик институттардын, коомдук уюмдардын балдарга билим берүү жана тарбиялоо жагында функциялары жана укуктары, Балдардын укуктары жөнүндө конвенция, педагогикалык этиканын ченемдери, коопсуздук техниканын жана өрткө каршы коргонуунун эрежелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларды.
3. Квалификациялык талаптар: жогорку педагогикалык билим, педагогикалык кызмат орунда беш жылдан кем эмес иш стажы.
Жогорку категориядагы мугалимде орто жана жогорку педагогикалык билим болуп, анын педагогикалык иш стажы 13 жылдан кем эмес, ал эми 1 категориядагы мугалим катары 4 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.
Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын алган педагогикалык кызматкерлерге билимине жана иш стажына эч кандай талаптарды койбостон жогорку квалификациялык категория ыйгарылышы мүмкүн.
Жогорку категорияны берүүдө билими жана иш стажынан тышкары төмөнкү талаптар эске алынат:
- кесиптик лидердин ролун өзүнө алууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу мугалим, кесиптештери менен тажрыйбасы жана көндүмдөрү менен бөлүшөт;
- ар кандай деңгээлдеги усулдук бирикмелерге катышат жана (же) жетектейт;
- жалпы билим берүүчү уюмдун кесипкөй жана максаттуу комплекстүү программаларын божомолдоого жана иштеп чыгууга катышат;
- Ишенимдүүлүктө иштейт: өткөрүлүүчү сабактары ар дайым мектептеги, райондогу, облустагы кесиптештеринин катышуусу үчүн дайыма ачык болот;
- «Жылдын мыкты мугалими» региондук жана (же) республикалык конкурстун мугалими-байге ээси болуп саналат;
- региондук, республикалык жана эл аралык мектептик олимпиадалардын жана кароолордун байге ээлери-окуучулары бар;
- автордук программаларды, окуу материалдарын жана усулдук сунуштарды иштеп чыгат жана жарыялайт же жалпы билим берүүчү программалар жана окуу китептери боюнча тажрыйбалык ишке катышат;
- башка мугалимдерди окутууда өзүнө лидердин ролун алат, насаатчынын аброюна ээ;
- жаңы усулдарды жана окуучулардын билимдерин баалоо формаларын өз алдынча иштеп чыгат;
- дискуссияларды, семинарларды уюштуруу аркылуу мугалимдерге жаңы ыкмаларды жана технологияларды өздөштүрүүдө жардам берет;
- кесиптештерине баалоонун ар кандай ыкмаларын тандоодо жана пайдаланууда жардам берет, алар менен окуучулардын натыйжаларынын прогрессине байкоо жүргүзүү жана талдоо боюнча ар дайым иштейт;
- мугалимдин кесиптик ишинин сапатынын стандарттарына ылайык өзүн-өзү баалоону өткөрүүгө кесиптештерине жардам берет;
- мектептик, райондук жана республикалык кесиптик фондго окутуунун ыкмаларына (топтомуна) чыгармачылык салым кошот;
- окуучулардын билимдерин тереңдетүү үчүн илимий жана педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдаланат;
- окуучулардын тапшырмаларды аткарууда жана окуусунда өз алдынчалуулук сыяктуу компетенциясын пайдаланууну көрсөтөт;
- окуучулардын сабактагы жана сабактан тышкары ишин алардын көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүү үчүн уюштурат;
- сабактарды пландаштырууда окуучулардын топтогу жана жекече керектөөлөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алат, окуу процессинде компьютердик жана башка техниканы пайдаланат.
I категориядагы мугалимде орто педагогикалык жана жогорку педагогикалык билим болуп, анын педагогикалык иш стажы 8 жылдан кем эмес, ал эми II категориядагы мугалим катары 4 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.
I категорияны ыйгаруу үчүн билими жана педагогикалык иш стажынан сырткары төмөнкү талаптар эске алынат:
- өз ишин талдоого жана объективдүү баалоого жөндөмдүүлүгү болуп, өзүнүн окутуучулук көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн ар дайым өнүктүрөт;
- окутууну жакшыртуунун мектеп планынын негизинде жеке планын иштеп чыгат;
- окутуунун ар кандай ыкмаларын пайдаланат жана окуучуларды алган билимин, өз тажрыйбасын, ж.б. негизинде талдоого, объективдүү баалоого жана өзүн-өзү контролдоого дем берет;
- предметтердин интеграциялоо элементтерин пайдаланат жана окуу процессине бардык окуучуларды тартат, алардын билүү жөндөмдөрүн эске алат;
- коюлган милдеттердин татаалдыгына жараша жана натыйжаларга жетишүүдө окуучулардын ийгиликтүүлүгүнө жараша убакытты бөлүштүрө билет;
- окуучулардын жеке жөндөмдөрүнө жана көндүмдөрүнө жараша баалоонун ар кандай ыкмаларын жана каражаттарын пайдаланат;
- өзүн-өзү өстүрүүнүн үстүндө иштейт жана өзүнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын тандайт;
- өз тажрыйбасын талдайт, жалпылайт жана кесиптештеринин талкуусуна коет;
- алган билимдерин жана көндүмдөрүн усулдук семинарлар, ачык сабактар, башка мугалимдерге насаатчылык жардам аркылуу жайылтат;
- окуу-тарбиялоо ишин пландаштыруу, талдоо жана аткаруу боюнча командада иштей билет;
- сабактын милдеттерине жараша окутуунун техникалык каражаттарын пайдаланат.
II категориядагы мугалимде орто педагогикалык же жогорку педагогикалык билим болуп, анын 3 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болушу керек.
II категорияны берүү үчүн билими жана педагогикалык иш стажынан сырткары төмөнкү талаптар эске алынат:
- окутуунун максаттарына ылайык өз алдынча сабактарды пландаштырат, бирок насаатчылык жардамга жана кыйла тажрыйбалуу мугалимдин жетекчилигине муктаж;
- кесиптештеринин жардамы менен окутууну жакшыртуунун жеке планын иштеп чыгат;
- изилдөөлөрдүн усулдарын жана предметтин структурасын түшүнө билет;
- окуучулардын керектөөлөрүнө жана жөндөмдөрүнө жараша окутуунун ар кандай усулдарын жана формаларын пайдаланат;
- сабактарда жана класстан тышкары иш-чараларда топтук жана жеке иштерди окуучулардын турмуштук көндүмдөрүн калыптандыруу максатында системалуу түрдө уюштурат;
- окуучуларды окутууда прогресске байкоо жүргүзөт, контролдук жазуу жүзүндөгү иштерди жана оозеки сурамжылоону артыкчылыктуу пайдаланат;
- башка мугалимдер менен окутуучулук тажрыйба менен алмашат;
- квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарларга жана курстарга катышат;
- өз окутуучулук жөндөмдөрүн баалоону жүргүзөт жана кесиптик өнүгүүсүн пландаштырат;
окуучулардын билимдерин баалоо стандарттарын жана критерийлерин пайдаланат же баалоо жөнүндө өз ой пикирине таянат.
Категориясы жок мугалимде иш стажы талап кылбастан, орто педагогикалык же жогорку педагогикалык билим болушу керек.
Категориясы жок мугалимдерге төмөнкү талаптар коюлат:
- кыйла тажрыйбалуу кесиптештеринин жетекчилиги жана насаатчылыгы астында иштейт;
- колдонулуучу китептин жана окуу программасынын чегинде негизги билимдерге жана көндүмдөргө ээ;
- мектептин талаптарына ылайык сабактарды пландаштырат;
- окутуунун стандарттык методдорун жана технологияларын пайдаланууда тажрыйбаны топтойт жана окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн башкарат;
- программалар талап кылган мазмундагы материалды окуучуларга берет, алардын билимин андан ары өркүндөтүүгө багыт берет;
- окуучулардын жетишкендиктерине көз салат, алардын жылдын (чейректин) башталышында жана аягында сабакка жетишүүсүн белгилейт жана мектептин талаптарына ылайык окуучулардын жетишкендиктерин талдоонун натыйжалары боюнча отчетту даярдайт;
- колдонуудагы стандарттарды жана окуучулардын билимин баалоо критерийлерин пайдаланат;
- өзүнүн окутуучулук жөндөмдөрүнө жана ишинин натыйжалуулугуна баалоону жүргүзөт;
- усулдук бирикмелерде жана пландаштырылган иш-чараларда жигердүү катышат.