Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры №284
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө жобого төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-пунктта:
- төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;";
- он биринчи абзацтагы "кызматка дайындайт жана" деген сөздөр алып салынсын, "...жетекчилеринин орун басарларын" деген сөздөрдөн кийин ", ведомствого караштуу органдардын жетекчилеринин орун басарларын" деген сөздөр менен толукталсын;
- он экинчи абзацтагы "макулдук берет" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөтөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзац "ведомстволук органдардын" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик кызматкер болуп саналбаган" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 12-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте:
- талапкерлерди администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарга конкурстук тандап алуунун жыйынтыгы боюнча дайындайт;
- Министрликтин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеп турган мамлекеттик кызматчылардын ордун которуштурат жана ротациялайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |