Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 727
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 , 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына, "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-статьясын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги төмөнкүлөрдүн укугун улантуучу болуп санала тургандыгы белгиленсин:
- салык жана бажы саясатын жүргүзүү, техникалык жөнгө салуу, соода, ченемдик укуктук базаны жана ишкердик жүргүзүүнү текшерүүлөрдү оптималдаштыруу чөйрөсүндөгү функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин;
- иштетүүчү (кайра иштетүү) өнөр жай чөйрөсүндөгү функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин;
- тарифтик саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин;
- бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин;
- салыктык жөнгө салуу чөйрөсүндө фискалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин.
3. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институту Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасына;
- Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу аккредитациялоо борборуна.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Экономикалык стратегиялар борбору Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
5. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык штаттык бирдиктерди, документтерди, финансылык ресурстарды жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине өткөрүп беришсин;
- ушул токтомго ылайык башка зарыл чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор оперативдүү башкаруу укугунда мурда ээлеп турган администрациялык имаратка жайгашаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүн 2009-жылга республикалык бюджетте каралган чектерде каржылоону ишке ашырсын;
- 2010-жылга республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин жана анын ведомстволук структураларынын иштеши үчүн зарыл каражаттарды эске алсын.
9. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы № 249 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 398 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 551 токтому.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 596, 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌─────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ ┌──────────────┐
│ Экономикалык тескөө │< ──┤ Коллегия │
│ министрлиги │ └──────────────┘
│ (Борбордук аппарат) │
└──┬───────────┬───────────┬──┘
┌──────────┘ │ └───────────┐
┌───────────┴─────────┐ ┌─────────┴─────────────┐ ┌──────┴──────────┐
│ Министрликтин │ │ Чет өлкөлөрдөгү │ │ Аймактык │
│ ведомстволук │ │ өкүлдөрү │ │ органдар │
│ органдары │ │ │ │ │
└────────┬──────────┬─┘ └───────────────────────┘ └─────────────────┘
│ │
┌────────┴──────┐ │
│ Метрологиялык │ │
│ көзөмөлдөө │ │
│ боюнча │ │
│ мамлекеттик │ │
│ инспекциясы │ │
└───────────────┘ │
│
┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ │ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐
Аккредитациялоо Стандартташтыруу
│ борбору ├───┼───┤жана метрология │
Боюнча борбору
└ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘ │ └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘
┌───────────┴─────────┐
┌─ ─ ─ ┴ ─ ─ ─ ──┐ ┌─ ─ ─┴─ ─ ─ ─ ─┐ ┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┐
"Бирдиктүү терезе" "Кыргызресурсы" Мамлекеттик кызматчы эмес
│ МИ │ │ МИ │ └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┘
└── ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘