Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249, 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284, 2011-жылдын 23-сентябрындагы №596, 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишинин уюштурулушу
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги (мындан ары - Министрлик) аткаруу бийлигинин фискалдык, тарифтик жана лицензиялык саясатты жүргүзүү, техникалык жөнгө салуу жана метрология, туризм, соода, кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары жана кызмат адамдары, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара байланышта аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган мөөрү болот. Министрлик жарандык-укуктук мамилелерге өз атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
5. Министрликтин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- бирдиктүү мамлекеттик салык, бажы, лицензиялык жана тарифтик саясатты жүргүзүү;
- тышкы жана ички соода жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсун оперативдүү талдоонун жана болжолдоонун негизинде экономикалык жөнгө салууну ишке ашырууга катышуу;
- техникалык жөнгө салуу, метрология жана иштетүүчү өнөр жай жаатында жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базаларын оптималдаштыруу.
6. Министрлик белгиленген тартипте төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, анын ичинде тармактар жана региондор боюнча өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү божомолдорун даярдоого катышат;
- республика, тармактар, экономиканын секторлору боюнча социалдык-экономикалык процесстерге оперативдүү талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө, экономиканын абалы жөнүндөгү жылдык, кварталдык докладдарды иштеп чыгууга катышат;
- негизги багыттарды, экономикалык болжолдоолорду, концепцияларды, мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана экономикалык жөнгө салуу чөйрөсүндө Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иш-аракеттерин координациялайт;
- экономикалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты, анын ичинде ишкердик субъекттерин текшерүү системасын жакшыртуу боюнча саясатты ишке ашырууга катышат;
- Министрликтин компетенциясына ылайык экономика тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт;
- республиканын экономикасын мобилизациялык даярдоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды даярдайт, мобилизациялоо планын түзөт;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого жана импорттоого лицензия берет, квоталарды белгилейт;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы N 249 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- экономикалык өнүгүүгө фискалдык таасир этүүнүн чараларын баалоого жана экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- бириктирилген республикалык бюджеттин кирешелерине фискалдык өзгөртүп кайра түзүүлөрдү баалоого катышат;
- кош салык салууну болтурбоо жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо максатында макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү уюштурат;
- чет өлкөлөрдүн салык жана бажы мыйзамдарына талдоо жүргүзөт;
- салыктык эсептөөлөрдүн, отчеттордун, декларациялардын жана башка документтердин формаларын иштеп чыгат;
- салык салуу маселеси боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлорун эксперттик баалоого өз компетенциясынын чегинде катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча ишти жүргүзөт;
- КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча иштерди уюштурат;
- эл аралык финансылык уюмдар каржылоочу өнүктүрүү долбоорлоруна катышуучу чарбакер субъекттерге салыктык жеңилдиктерди тастыктоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- салык консультанттарына сертификаттарды берет;
- жөнгө салуучу чөйрөлөрдө товарларга (жумуш аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) бааларды жана тарифтерди түзүү тартибин, механизмин жана методологиясын тиешелүү жактар менен бирдикте иштеп чыгат;
- тарифтик жөнгө салуу методологиясын сактоого мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- аткаруу бийлигинин органдары, уюмдар, мекемелер көрсөтүүчү акы төлөнчү кызматтардын мамлекеттик реестрлерин, ошондой эле жөнгө салуучу чөйрөдөгү табигый жана уруксат берилген монополиялардын товарларына (аткарчу жумуштарына, көрсөтчү кызматтарына) бааларды жана тарифтерди белгиленген тартипте иштеп чыгат жана жүргүзөт;
- лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштырууга катышат;
- лицензиялардын жана уруксаттардын Бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- лицензиялык иш-аракеттин бардык түрлөрүнө мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жасайт, жөнгө салуучу таасирдин анализине баа берет;
- ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштыруу чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашырат;
- техникалык регламенттерди даярдоо, кабыл алуу, колдонуу жана кайра кароо боюнча иштердин уюштурулушун камсыздайт;
- "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" жана "Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын принциптерине жана максаттарына ылайык келтирүү максатында мамлекеттик көзөмөлдүн жана контролдун милдеттүү талаптарын жана жол-жоболорун белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына инвентаризация жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
- Адал (Halal) индустрияны өнүктүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт жана ишке ашырат;
- техникалык жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын интеграцияланган маалыматтык системасын түзөт жана анын иштешин камсыздайт;
- шайкештикти баалоо боюнча органдардын шайкештикти милдеттүү тастыктоосунун натыйжаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларды түзөт, алардын персоналдык курамын бекитет жана иш-аракетин камсыздайт;
- техникалык жөнгө салуу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- техникалык жөнгө салуу жаатында министрликтер менен ведомстволордун, ошондой эле башка уюмдардын ортосундагы иш-милдеттерди чектөө боюнча сунуштарды даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча ДСУнун макулдашууларына ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздайт;
- өлчөөлөрдүн жана стандарттардын ролун чыңдоо максатында өлчөөлөрдүн системасынын эл аралык бирдиктер системасына (БС) шайкештигин камсыздайт;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №596 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №596 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөөнү жүргүзөт;
- ички жана тышкы соода жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашырат;
- тышкы соода ишин жакшыртуу, продукция экспорттоону өнүктүрүү жана ага түрткү берүү, республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
- соода балансына талдоо жүргүзөт жана аны жөнгө салуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
- ички соода чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу, чек ара жанындагы жана биржалык сооданы өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- товардык рыноктордун конъюнктурасын изилдейт жана талдоо жүргүзөт, экспорттун жана импорттун структурасын өркүндөтүү жагындагы саясатты координациялайт;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн болжолдоолорду жана рекомендацияларды даярдайт;
- товардык ресурстарга муктаждыктарды аныктоо үчүн керектөө рыногунун абалын көзөмөлдөйт жана болжолдуу эсептөөлөрдү даярдайт, продукцияга болгон суроо-талапка талдоо жүргүзөт;
- соода аянтын берүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- рыноктун конъюнктурасын талдоонун жана маркетингдик изилдөөнүн негизинде республикада импорттун ордун алмаштыруучу жана экспорттоого багытталган продукцияларды өндүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тышкы соода ишин Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине, ошондой эле ЕврАзЭС боюнча өнөктөрдүн алдындагы милдеттенмелерге шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тышкы соода байланыштары, техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, бул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткарууну камсыздайт жана алардан келип чыгуучу укуктарды ишке ашырат, ошондой эле келишимдердин башка катышуучуларына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- эл аралык келишимдерди түзүү, эл аралык долбоорлор менен программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жол-жоболоруна, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана чет мамлекеттердин өкмөттүк эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты ишке ашырууга катышат;
- тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун (анын ичинде бажы тарифтеринин ставкаларын өзгөртүү боюнча) тиешелүү ыкмалары менен чараларын колдонуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча антидемпингдик териштирүүлөргө жана жол-жоболорго катышат;
- соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө чет мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү жагында сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- экспорттук контроль жаатында чараларды ишке ашырат;
- экономикалык кластерлерди, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү жылдыруунун жолдорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- уюштуруу-экономикалык структураларды жана логистикалык борборлорду түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ишканаларды жакшыртуу маселеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттин катышуусу бар мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын иштеринин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт;
- иштетүүчү өнөр жай секторлорунун өндүрүмдүүлүгүн жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту);
- көрсөтүлүүчү туристтик-экскурсиялык жана курорттук-рекреациялык кызматтарды камсыздоо жана сапатын жогорулатуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат;
- туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзөт;
- Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмду (UNWTO) кошо алганда эл аралык туристтик уюмдар менен кызматташтыкты ишке ашырат;
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга, чарбакер субъекттерге маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтөт;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249, 2011-жылдын 23-сентябрындагы №596, 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдарына жана кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Министрликтин ишинин чөйрөсүндө башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасы түзүүчү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Шайкештикти баалоо органдарын аккредитациялоо боюнча Кеңешти түзүү жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар менен келишимдерге, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жана келишимдерге белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдарынан жана жарандарынан Министрликтин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдарынан тарифтик саясатка жана товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) баалар менен тарифтерди жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Министрликтин ишинин чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- ДСУнун маселелери боюнча, КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча, ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жана башкалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссиялардын иштерин уюштурууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун иштерине катышууга;
- мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарынын атынан чыгууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген иштин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлдөрдү дайындоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын коргоо, антидемпингдик териштирүүлөрдү, антидемпингдик же компенсациялык чараларды колдонуу боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
- экономикалык жөнгө салууга, бажы, салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө байланыштуу айрым долбоорлорду иштеп чыгуу учүн, бул багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик кызматтарынын жана администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөөчү жана башка мекемелеринин өкүлдөрүн, айрым окумуштууларды жана практик-адистерди ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чектеринде информациялык-маалыматтык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министри (мындан ары - министр) башкарат.
9. Министр иштин белгиленген иш чөйрөсүндө Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын турмушка ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
10. Статс-катчыны кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартиби, иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат. Министрдин орун басарлары кызматка министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат, министрге түз баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чектеринде министрликтин ишин уюштурушат.
11. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук органдарынын жана аймактык органдарынын иштерине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооп берет;
- статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- ведомствого караштуу органдардын структурасын жана кызмат орундарынын тизмесин бекитет;
- Министрликтин аймактык органдарынын жоболорун, структурасын жана кызмат орундарынын тизмесин бекитет;
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын структурасын жана кызмат орундарынын тизмесин бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун басарларын дайындоого талапкерлерди көрсөтөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын, ведомствого караштуу органдардын жетекчилеринин орун басарларын белгиленген тартипте кызматтан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликке жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга байланыштуу ведомстволук органдардын жетекчилерин дайындоого белгиленген тартипте талапкерлерди көрсөтөт;
- ведомстволук органдардын мамлекеттик кызматкер болуп саналбаган жетекчилеринин орун басарларын белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлдүк органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- мыйзамда аныкталган чектерде Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшыруусу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өз ыйгарым укугунун чегинде башка иш милдеттерди аткарат;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин кандидатуралары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине белгиленген тартипте сунуштарды берет;
- Министрликтин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумчаларды белгилейт;
- Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө, ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды чектөөгө белгиленген тартипте көрсөтөт;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуу начальниги болуп эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат;
- Министрликтин ведомствого караштуу органдарына тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- эгер мыйзамдарда чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр алардын карамагына тапшырган маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, өздөрү тейлеген багыттар боюнча ишти уюштурушат.
Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте:
- талапкерлерди администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарга конкурстук тандап алуунун жыйынтыгы боюнча дайындайт;
- Министрликтин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеп турган мамлекеттик кызматчылардын ордун которуштурат жана ротациялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министрликте курамына 10 адам: кызматы боюнча министр (төрага), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өкүлү, ошондой эле башка мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кирүүчү коллегия түзүлөт.
14. Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн персоналык курамын министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
15. Министрликтин коллегиясы өз заседаниелеринде маселелерди Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын алкагында пландаштырат жана карайт, өз чечимдерин токтом түрүндө ишке ашырат. Коллегиянын чечимдери коллегия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, добуштардын саны тең экиге бөлүнүп калган учурда, коллегиянын заседаниесинде төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Коллегиянын төрагасы жана башка мүчөлөрү ар кандай талкуулануучу маселе жана ал боюнча кабыл алынган чечимдер боюнча өзгөчө же башка пикирде болушу мүмкүн, бул жөнүндө протоколго жазылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирилет.
16. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын структуралык бөлүмчөлөрүнүн иштерин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби, документтердин өтүү жана контролдонуу тартиби жана Министрликтин ишинин башка маселелери министр бекитчү тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
17. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
18. Министрликтин карамагындагы ведомстволук органдардын иштерин координациялоону жана контролдоону ишке ашырат.
Министрликтин алдында төмөнкүлөр иштейт:
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция;
- Стандартташтыруу жана метрология борбору;
- Аккредитациялоо борбору;
"Тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы;
- Министрликтин аймактык органдары;
- чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү жана өкүлдөр.
Ведомствого караштуу органдар өз функцияларын өз алдынча ишке ашырат жана Министрге түз баш ийишет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы №249 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
19. Борбордук аппараттын структуралык бөлүмдөрүнүн, ведомствого караштуу жана аймактык органдардын иштерин Министрлик белгиленген тартипте контролдойт.
20. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомствого караштуу жана аймактык органдарын күтүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражатынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен каржыланат.