Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 4-майындагы № 275 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 22-ноябры№295
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай укугун камсыздоо, турак жай бөлүштүрүү боюнча иштерди уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамкомиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө жобо;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган көп квартиралуу үйлөрдө биринчи кезекте турак жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмеси.
3. Мамкомиссия Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан жарандарга турак жай бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн комиссиялар тарабынан берилген сунуштарды карап чыксын.
4. Мамкомиссиянын уюштуруу, методикалык жана башка камсыз кылуу иштери Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295 токтомуна 1-тиркеме |
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын аппаратынын жетекчиси, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри;
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;
2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан 2 өкүл (макулдашуу боюнча);
Омбудсмендин аппаратынан өкүл (макулдашуу боюнча);
коомдук уюмдардан өкүл (макулдашуу боюнча);
Ош шаар кеңешинин аппаратынын жетекчиси, Мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295 токтомуна 1-тиркеме |
Турак жайды биринчи кезекте алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын ТИЗМЕСИ
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын төмөнкүдөй категориялары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды алуу укугуна ээ:
1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен үйлөрү толук же жарым-жартылай талкаланган Кыргыз Республикасынын жарандары.
2. Жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында каза болгон, дайынсыз жоголгон жарандардын балдары жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
3. Июнь окуяларында каза болгон же дайынсыз жоголгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде:
- июнь окуяларында ата-энеси каза болгон же дайынсыз жоголгон үй-бүлө мүчөлөрү, эгерде өздүк турак жайы жок болсо;
- каза болгон же дайынсыз жоголгон адамдын жубайы;
- 2010-жылдын июнь окуяларында каза болгон же дайынсыз жоголгон адамдын ата-энеси, эгерде үй-бүлөсү жана турак жайы жок болсо;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында каза болгон же дайынсыз жоголгон ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин, саламаттык сактоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башка органдардын кызматчыларынын жубайы, эгерде өздүк турак жайы жок болсо;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында каза болгон же дайынсыз жоголгон ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын аскер кызматчыларынын, кызматкерлеринин, саламаттык сактоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башка органдардын кызматчыларынын ата-энеси, эгерде үй-бүлөсү жана турак жайы жок болсо;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу майып болгон, ок тийип же башка оор жаракаттардын (контузиянын) айынан ооруга чалдыккан ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын аскер кызматчылары, кызматкерлери, саламаттык сактоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башка органдардын кызматчылары, эгерде өздүк турак жайы жок болсо.