Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-декабры №324
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставында:
11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Директордун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу бир орун басары болот.";
- 12-пункттун алтынчы абзацындагы "орун басарларынын" деген сөздөр "орун басарынын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 216 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |