Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы УӨ №97 токтому менен бекитилген |
"Манас" суюкотун-май куючу комплекси" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №216, 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттер жана ишмилдеттер
III. Ишкананын укуктары жана милдеттери
IV. Ишкананы башкаруу
V. Мүлк жана каражаттар
VI. Эсеп, отчеттуулук жана көзөмөл
VII. Ишкананын ишин токтотуу
1. "Манас" суюкотун-май куючу комплекси" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук таризинде иштөөчү юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ болот жана өз ишин өзүн өзү актоо негизинде жүзөгө ашырат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана юридикалык жак болуп саналуу менен, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде банктык эсептерге, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн мөөргө, өз энбелгисине, штамптарына жана башка Ишкананын иши үчүн зарыл болгон өздүк белгилерге ээ болот.
4. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Манас" суюкотун-май куючу комплекси" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Топливно-заправочный комплекс "Манас";
Ишкананын кыскача расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Манас" СМК" МИ;
расмий тилде: ГП "ТЗК "Манас".
5. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда же ыкчам башкаруу укугунда өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Ишкананын негизги милдети республикага мунай заттарын ташып келүү болуп саналат.
7. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү ишмилдеттерди аткарат:
- чарба жүргүзүү укугунда же ыкчам башкаруу укугунда өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана дайындалышы боюнча колдонулушун камсыз кылат;
- мунай заттарын алып келүүнү, сактоону, кайра иштетүүнү жана сатууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, өз иштери үчүн өндүрүштүк жана башка жайларды курууну жана сатып алууну жүзөгө ашырат;
- мунай заттарын алып келүүнүн, сактоонун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун ишырааттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- Ишкананын кызматынан пайдалануучулар менен өз ара каржылык эсептешүүлөрдү жүргүзөт;
- Ишкананын кызматынан пайдалануучулар менен эсептешүүлөрдү жакшыртуу боюнча ишчараларды жүзөгө ашырат;
- Ишкананын кадрдык саясатын натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- ушул тармактын кызматчыларына карата коюлуучу талаптардын өзгөчөлүктөрүнө ылайык, Ишкананын кызматчыларды тандап алуу тутумун аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иштердин түрлөрүн жүзөгө ашырат.
Ишкана иштеши үчүн өзүнө өткөрүлүп берилген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана ушул Уставда аныкталган каражаттарды жана мүлктү пайдаланат.
8. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана милдеттенмелерди алууга, кандай гана болбосун юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- белгиленген тартипте Ишкананын директорлор Кеңеши менен макулдашуу боюнча Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык филиалдарды уюштурууга;
- белгиленген тартипте өнүмдөрдү, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дем алыш күндөрдү жана өргүүлөрдү берүү тартибин белгилөөгө;
- мунай заттарын алып келүүнүн, сактоонун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле эмгекти коргоого багытталган, техникалык каражаттарды урунууну, кармоону жана оңдоону жөнгө салуучу тармактык ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга;
- табигый кырсыктардын, кыйроолордун жана башка күтүүсүз жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын негизги түрлөрүнүн сакталмаларын түзүүгө;
- ушул тармактын талаптарынын негизинде жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен Ишканага кызматчыларды алууну жүзөгө ашырууга;
- Ишкананын муктаждыктарынын негизинде кызматчыларды окутууну, кайра даярдоону жана кесиптик даярдыктарын жогорулатууну уюштурууга;
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
9. Жамааттык орган болуп саналган, 5 адамдан турган Ишкананын директорлор Кеңеши башкаруу органы болуп саналат.
Директорлор кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын тескемеси менен аныкталат.
10. Ишкананын директорлор Кеңеши:
- Ишкананын ишинин стратегиялык маселелерин карайт;
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктайт;
- Ишкананын перспективалык пландарын бекитет;
- чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугунда Ишканага өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн талаптагыдай пайдаланылышын жана сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- жылдык отчетторду жана Ишкананын бухгалтердик теңдемдерин бекитет;
- Ишкананын штаттык ырааттамасын макулдашат;
- Ишкананын филиалдарын уюштурууну макулдашат.
11. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматына дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу директор Ишкананын аткаруучу органы болуп саналат.
Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ болот жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Директордун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка да-
йындоочу жана кызматтан бошотуучу бир орун басары болот.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №216, 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Директор:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан аракеттенет, бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана республиканын уюмдарында анын кызыкчылыктарын жактайт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда расчеттук эсептерди ачат, банктык жана каржылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чектеринде Ишкананын бардык кызматчылары үчүн милдеттүү болгон тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- директолор Кеңеши менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет, кызматчылардын эмгек акысын төлөө таризин жана тутумун аныктайт;
- Ишкананын иштөө тартибин жана кызматчыларын сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматчыларын кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот;
- Ишкананын кызматчыларына карата тартиптик жасалоо чараларын жана сыйлоо чараларын кабыл алат;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Ишкананын иши жөнүндө Ишкананын директорлор Кеңешине отчет берет;
- Уставга ылайык уюштуруучунун компетенциясына киргендерди кошпогондо, Ишкананын милдеттерин жана ишмилдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш аракеттерди жасайт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №216, 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананын ачык-айкын иштешин камсыз кылуу үчүн Байкоочулар кеңеши уюштурулат.
Байкоочулар кеңешин түзүүнүн тартиби жана анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14. Ишкананын директорлор Кеңешинин жана Байкоочулар кеңешинин иштерин материалдык-техникалык жана башка жактардан камсыз кылуу Ишкана тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Ишкана өзүнө таандык мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык, чарба жүргүзүү укугунда ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жолжоболорду сактоо менен ал тарабынан Ишкананын теңдемине өткөрүп берген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлктөргө чарба жүргүзүү укугу берилген мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
16. Ыкчам башкарууга, чарба жүргүзүүгө өткөрүрүп берилген же менчикке сатып алынган мүлк, ошондой эле анын курамына кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иштери үчүн зарыл болгон негизги фонддор, жүгүртүм каражаттары, башкар материалдык баалуулуктар Ишкананын теңдеминде чагылдырылат.
17. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- ага чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшыруучу боюнча башка мамлекеттик орган тарабынан берилген же берилүүчү мүлк;
- чарбалык иштерден алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдердин негизинде жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан алынган кирешелер;
- банктардын жана башка мекемелердин насыялары;
- бюджеттик ссудалар;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу жардамдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
18. Ишкана тарабынан чарбалык иштердин натыйжасында алынган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк дагы Ишканага таандык болот жана анын теңдеминде эсепке алынат.
19. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү же мүлктү ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, аманат (үлүш) катары чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына кошууга же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугусуз башка ыкмалар менен тескөөгө укуксуз.
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз иштеринин чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
21. Ишкана белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзүнүн каржылык-чарбалык иштеринин жыйынтыгы жөнүндө зарыл маалыматтарды берет.
Ишкананын каржылык-чарбалык иштеринин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө Ишкананын директорлор Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле уюштуруучунун чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинин аудит жүргүзөт.
22. Ишкананын ишин токтотуу аны кайра уюштуруу же жоюу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Ишкананын ишин токтотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24. Ишкананын ишинин жүрүмүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.