Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 28-сентябры №216

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 11-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Директордун эки орун басары болот, аларды директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.";

- 12-пунктунун алтынчы абзацында "орун басары" деген сөздөр "орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева