Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №327
Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн жана жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтарынын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Республикалык жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери:
- ушул токтом күчүнө кирген учурдан баштап 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу үчүн иштеп чыгышсын;
- 2011-жылы жарандык коргонунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги иш-чараларын камсыз кылуу пландарына оңдоолорду (иштеп чыгууларды) киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 27-ноябрындагы N 588 "Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш маселелери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №327 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызматтын аталышы | Кызматтын арналышы | Кызматты түзүү базасы | Кызматтын жетекчилиги |
1 | Коомдук тартипти сактоо кызматы | Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө мааниге ээ болгон объекттерди жана категорияланган объекттерди коргоо; жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө калктын жоготуусунун эсебин алуу | Кыргыз Рес- публикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызмат штабынын начальниги - министрдин орун басары |
2 | Медициналык кызмат | Өндүрүштүк ири кыйроолордо жана катастрофаларда, табигый кырсыктардын райондорунда, катастрофалык суу каптоолордо жана согуш аракеттеринде жабыр тарткан калкка адамдардын ден соолугун калыбына келтирүү, аларды эмгекке жарамдуу кылуу, майыптыкты жана өлүмдү азайтуу максатында медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү; жарандык коргонуунун медициналык кызматынын мекемелери жана түзүмдөрү үчүн медициналык мүлктүн жана медициналык дары-дармектердин резервин түзүү боюнча жетекчилик кылуу; жалпыга таралуучу жугуштуу оорулардын пайда болушун жана таралышын алдын алууга багытталган санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү; калктын санитардык бейпилдигин камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдын жагымсыз санитардык кесепеттерин жоюу | Кыргыз Рес- публикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызмат штабынын начальниги - министрдин орун басары |
3 | Транспорт кызматы | Кыйроолордо, катастрофаларда жана башка табигый кырсыктарда, ошондой эле согуштук аракеттер жүргөн учурда калкты бөлүп жайгаштыруу жана эвакуациялоо; транспорттун бүткүл түрлөрү менен ташууларды аткаруу (жарандык коргонуу түзүмдөрүн ташуу, медициналык эвакуацияны камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдарды ташып жеткирүү); эвакуациялык жолдордогу жүрүүнүн абалын жакшы кармоо, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү; жарандык коргонуу иш-чараларын өткөрүү үчүн пайдаланылуучу автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү оңдоо жана калыбына келтирүү | Кыргыз Рес- публикасынын Транспорт жана комму- никациялар министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызмат штабынын начальниги - министрдин орун басары |
4 | Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы | Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын шарттарында республикада жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн объекттеринде мал чарбачылыктын, өсүмдүк багуунун продукттарын коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү жетектөө; жабыр тарткан жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү дарылап тазалоо, жайларды жана аймактарды дезинфекциялоо үчүн айыл чарбалык жана атайын техниканы даярдоо; жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жалпы жугуштуу илдеттеринин пайда болушун жана жайылышын алдын алууга багытталган эпизоотко каршы иш-чараларды өткөрүү; айыл чарба жаныбарларын өзгөчө кырдаалдын райондорунан айдап кетүү, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын кармоо жана багуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карамагындагы базаларды даярдоо | Кыргыз Рес- публикасынын Айыл чарба министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызмат штабынын начальниги - министрдин орун басары |
5 | Сууну коргоо кызматы | Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын шартында гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча республикадагы иш-чараларды иштеп чыгууга жана өткөрүүгө жетекчилик кылуу; суу булактарынын бардык түрүнөн суу берүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо, керектөөчүлөргө жана сууну пайдалануучуларга суу берүүнү камсыздоо | Кыргыз Рес- публикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети | Кызматтын начальниги - директор, кызмат штабынын начальниги - директордун орун басары |
6 | Материалдык-техникалык камсыздоо кызматы | Жабыр тарткан калкты жана кыйроодон-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарын өткөрүүгө катышуучу жарандык коргонуу түзүмүнүн өздүк курамын материалдык-техникалык каражаттар, азык-түлүк жана буюм мүлкү менен камсыздоону уюштуруу | Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | Кызматтын начальниги - директор, кызмат штабынын начальниги - директордун орун басары |
7 | Энергиялык жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматы | Кыйроодон-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандык коргонуунун иш-чараларын энергиялык жабдуу; согуш мезгилинде республиканын аймактарында жарыкты чүмбөттөө иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо. Жарандык коргонуу иш-чараларын өткөрүүдө ведомствого караштуу аймактарда оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү | Кыргыз Рес- публикасынын Энергетика министрлиги, »Кыргызстан- дын улуттук электр тармактары» ААКы, »Электрдик станциялар» ААКы, »Түндүк электр» ААКы, »Чыгыш электр» ААКы, »Жалал-Абад электр» ААКы» »Ош электр» ААКы, »Чакан ГЭС» ААКы | Кызматтын начальниги - министр, кызмат штабынын начальниги - министрдин орун басары, штабдын начальниги- нин электр тармактары боюнча орун басары - »Кыргызстан- дын улуттук электр тармактары» ААКынын башкы директору, штабдын на- чальнигинин станциялар боюнча орун басары - »Электрдик станциялар» ААКынын башкы директору |
8 | Кабарлоо жана байланыш кызматы | Жарандык коргонуунун башкармалыктарын жана күчтөрүн байланыштын бардык түрлөрү менен камсыз кылуу, кабарлоо жана башкаруу сигналдарын берүүнү техникалык камсыздоо, кабарлоо жана байланыш системаларын эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү уюштуруу, байланыш жана кабарлоо системаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү | Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги, »Кыргызтеле- ком» ААКы | Кызматтын начальниги - директор, кызмат штабынын начальниги - директордун орун басары, кызмат штабынын начальниги- нин орун басары - »Кыргызтеле- ком» ААКынын башкармасы- нын төрагасы |
9 | Өрткө каршы кызмат | Өрттөрдү өчүрүү жана кыйроодон-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды өрткө каршы камсыз кылуу, ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар районунда өрттөрдү өчүрүү тактикасын өркүндөтүү, өрт өчүрүү машиналарын, жабдууларды жана өрттүк-техникалык курал-жарактарды топтоо жана дайыма даярдыкта кармоо | Кыргыз Рес- публикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги- нин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик | Кызматтын начальниги - Агенттиктин начальниги, кызмат штабынын начальниги - Агенттиктин начальниги- нин орун басары |
10 | Инженердик кызмат | Жерлерди жана кыйроо очокторун инженердик чалгындоо; эвакуациялык пункттарды, эвакуацияланган калкты кондуруу жана түшүрүү пункттарын жана жарандык коргонуу күчтөрү жайгашкан райондорду инженердик жабдуу; кыйроо очокторунда, авариялардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда кыйроодон-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды өткөрүү учурунда жарандык коргонуу күчтөрүнүн аракеттерин инженердик камсыздоо | Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги | Кызматтын начальниги - директор, кызмат штабынын начальниги - директордун орун басары |
11 | Коммуналдыктехни- калык кызмат | Коммуналдык-техникалык тармактарынын туруктуулугу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды пландоо жана аткаруу, жарандык коргонуунун жарандык уюмдарын даярдоо жана коммуналдык тармактарда кечиктирилгис кыйроодон калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу | Кыргызтурак- жайкоммун- союз | Кызматтын начальниги - төрага, кызмат штабынын начальниги - төраганын орун басары
|