Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-декабры № 340
«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №23 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы №23 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Долбоор
«Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгаруу жөнүндө
(2010-жылдын 24-декабры)
1-берене. «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга «Владимир Путин атындагы чоку» деген географиялык ысым ыйгарылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|