Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №77 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин негизги милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
VI. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги (мындан ары - Министрлик) маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик аткаруу бийлик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык ченемдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, мамлекеттик тилди жана кинематографияны өнүктүрүү боюнча функцияларды албаганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин укугун мурастоочу болуп саналат.
4. Министрлик өз ишин башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
5. Министрлик юридикалык жак болуп саналып, мөөрү, штампы менен мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык тутумунда эсептешүү эсеби болот.
6. Төмөндөгүлөр Министрликтин негизги милдеттери болуп саналат:
- Кыргызстандын элдеринин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү;
- маданият, искусство жана тармактык билим берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу;
- жарандардын маданияттын, искусствонун жетишкендиктерине жетүүсү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү;
- маданият, искусство, маалымат жана адабият чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүнү камсыз кылуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын, полиграфия ишканаларын, китеп бастырып чыгарууну өнүктүрүү жана басмаканалык продукцияларды жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- маданият жана искусство чөйрөсүн кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу.
7. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Министрлик төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) тармактык саясат функциялары:
- министрликтин компетенциясына таандык кылынган чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун талдоосун, мониторингин жана контролун жүзөгө ашырат;
- маданият, искусство, маалымат жана басма сөз чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун өз ыйгарым укуктарынын чегинде иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды, стратегияларды, концепцияларды иштеп чыгуу менен ишке ашырат;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган чөйрөлөрдө мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- маданият, искусство, маалымат жана басма сөз органдарын каржылоого тиешелүү бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- маданият, искусство, маалымат жана басма сөз чөйрөсүндө маалымат жыйноону жана маалыматтык-талдоо материалдарын, эксперттик жана божомолдук баа берүүлөрдү даярдоону жүзөгө ашырат;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган чөйрөлөрдөгү стандарттар менен ченемдерди иштеп чыгат;
- элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү жана калктын маданият менен искусство чөйрөсүндөгү эс алуусун уюштуруу үчүн шарттарды түзөт;
- маданият, искусство, маалымат жаатындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын натыйжаларын иш практикасына жайылтуу боюнча чараларды көрөт;
- ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
б) координациялоо функциялары:
- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана маалыматтык агенттиктердин ишин өз компетенциясынын чегинде координациялайт;
- маданият менен искусствонун мамлекеттик мекемелеринде репертуарды түзүү боюнча ишти координациялайт;
- өзүнө караштуу бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын маданият, искусство жана маалымат объекттерин куруу, долбоорлоо, капиталдык жана утурумдук ремонттоо боюнча ишине катышат;
- Министрликке караштуу бөлүкчөлөр менен мекемелердин ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- ички контроль тутумун өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында маданият чөйрөсүндөгү каржылык, эсептик, администрациялык, долбоордук процесстер менен башкаруу маалыматынын ички аудитин жүргүзөт;
в) жөнгө салуу функциялары:
- тарыхый-маданий эстеликтерди пайдалануу менен күтүүнүн тартибине, эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, ремонттоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча жумуштардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жана жеке менчиктеги маданият жана искусство объекттери менен чыгармаларын эсепке алууну жүргүзөт;
- мамлекеттик жана жеке менчиктеги маданият жана искусство объекттери менен чыгармаларын паспорттоштурууну жана түгөлдөп-тизмелөөнү жүргүзөт;
- маданий баалуулуктарды алып чыгууга (жөнөтүүгө, убактылуу алып чыгууга) уруксат берет;
- тарых жана маданият эстеликтерин иликтөө боюнча атайын жумуштарды жүзөгө ашырууга уруксаттарды каттайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун Талаа комитети тарабынан берилүүчү ачык барактарды каттоону жүзөгө ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтеринин жайгашуусунун карта-схемаларын, шаарлар менен калктуу конуштардын тарыхый-архитектуралык таяныч пландарын макулдашууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтерин коргоо зоналарын макулдашууну жүзөгө ашырат;
- тарых жана маданият эстеликтери бар шаарлар менен калктуу конуштарды пландаштыруу, куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашууга катышат;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган чөйрөдөгү өзгөчө маанилүү маданият баалуулуктарынын кыйла маанилүү реестрин түзөт;
г) кызмат көрсөтүүлөр боюнча функциялары:
- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, сынактарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
д) көмөк көрсөтүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын музей фондусунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастын объекттерине кирген китепкана фонддорунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүнүн абалы менен сакталуу шарттарын мамлекеттик эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин түзүлүшү менен өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт;
- улуттук библиографиянын өнүктүрүүгө, бастырып чыгарылган китептердин жана мезгилдүү басмалардын эсебин камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;
- республикада жашаган жана чогуусу менен алганда бирдиктүү Кыргызстандын элинин бардык этносторунун маданиятынын кайра жаралуусу менен өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданият менен искусствонун жаңы чыгармаларын жаратууга дем берет жана чыгармачылык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- өзүнө караштуу бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын кызматкерлеринин сынактарын, аттестацияларын жана квалификациялык экзамендерин мыйзамдар менен белгиленген тартипте өткөрөт;
- үзгүлтүксүз билим берүү тутуму боюнча окутуп-үйрөтүүнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданият менен искусство чөйрөсүн кесипкөй адистер менен камсыз кылат;
- маданият, искусство жана маалымат мекемелерин модернизациялоо, техникалык жана технологиялык деңгээлдерин жогорулатууну жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө материалдарды даярдайт;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаарлар менен райондордун маданият башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө, Министрликке караштуу бөлүкчөлөр менен мекемелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларды макулдашууга катышат;
- шаарлар менен райондордун маданият башкармалыктары жана бөлүмдөрү, Министрликке караштуу бөлүкчөлөр менен мекемелер тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген актыларды жокко чыгарат;
- тармактык сый акы берүү тутумун иштеп чыгат жана эмгекке акы төлөөнүн, материалдык сый акы берүүнүн, эмгекке акы төлөө фонддорунун жана сый акы берүү фонддорунун чыгымдалышынын колдонуудагы шарттарынын сакталышына, маданият искусство, маалымат жана тармактык билим берүү кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын схемасынын сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
- маданият объекттерине "улуттук" жана "академиялык" статусту ыйгаруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- маалыматтык саясат чөйрөсүндө өнүгүү концепциялары менен стратегияларын, долбоорлору менен программаларын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизет.
8. Министрлик төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Министрликтин ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өнүктүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктардын чегинде маданиятты, искусствону жана маалыматты өнүктүрүү жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүүгө;
- Министрликтин иши үчүн эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарын, гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Министрликтин ишинин чөйрөсүнө таандык кылынган маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдар менен ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан суратып алууга;
- белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- өзүнө караштуу бөлүкчөлөрдү, мекемелерди жана аймактык органдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүгө;
- борбордук аппараттын, өзүнө караштуу бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын ички аудитин "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жана маалыматтык агенттиктерге жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууга;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын жана маалыматтык агенттиктерди уюштуруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- өзүнө караштуу бөлүкчөлөр тарабынан каржылык тартиптин сакталышын, алардын материалдык жана акчалай каражаттарды максатка арналышы боюнча пайдаланылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга, чыгымдар сметасын бекитүүгө жана анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
9. Министрликке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу министр башчылык кылат.
10. Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
11. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык кызматы уюштурулган. Статс-катчыны кызматка дайындоонун жана кызматынан бошотуунун тартиби, анын функциялары менен ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Министрдин орун басарлары болот.
Министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана Министрликтин ишин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
Министр жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин орун басарларынын бирине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, караштуу жана аймактык органдардын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасы менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Министрликке өкүл болуп, Министрликтин компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин тутумунда аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктар менен тескемелерди чыгарат;
- Министрликтин министрдин орун басарларынын, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына киргизилген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;
- Министрликтин тутумунун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтүп, моралдык жана материалдык сый акы берүүнүн башка чараларын колдонуп, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;
- ведомстволук караштуу мекемелердин мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт;
- мыйзамда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин аймактык жана ведомстволук караштуу мекемелеринин кызматкерлерин кызматтан бошотот;
- караштуу бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана нускамаларын жокко чыгарат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, караштуу бөлүкчөлөр менен мекемелердин, аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин белгиленген эмгекке акы төлөө фондунун жана эң көп санынын чегинде бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү, өзүнө караштуу мекемелери жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Маданиятты, искусствону жана маалыматты өнүктүрүү жаатындагы эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коет;
- Министрликтин милдеттерине таандык кылынган маселелер боюнча ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын комиссиясынын ишине катышат;
- Министрдин номенклатурасына кирген кызматтардын тизмегин жана алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- Министрликтин өкүлчүлүк органынын кызматкерлери менен жамааттык келишимге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы N 330 токтомунун редакциясына ылайык)
12-1. Статс-катчы белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:
- Министрликтин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министрликте саны 15 адамдан турган коллегия түзүлүп, анын курамына министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, маданияттын, искусствонун ишмерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, ошондой эле ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жетекчилери кирет.
14. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары коллегиянын курамына кызматы боюнча кирет. Министрликтин коллегиясынын жеке курамы министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
15. Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилүүчү Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
16. Маданият министрлигин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.