КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы УӨ №42
"СААК "Гидромонтаж", "Кыргызгидроатайынкурулуш", "Гидроэнергокурулуш", "Нарынатайынгидроэнергомонтаж" акционерднк коомдоруна тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө
"Юридикалык жактарга тышкы башкаруунун жол-жобосун киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №18 Декретине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "СААК "Гидромонтаж", "Кыргызгидроатайынкурулуш", "Гидроэнергокурулуш", "Нарынатайынгидроэнергомонтаж" акционердик коомдоруна тышкы башкаруу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине ыйгарым укуктардын мөөнөтүн белгилөө менен тышкы башкаруучуну дайындоо жана материалдык-техникалык камсыздоо укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |