ТоктомКүчүндө

КР УӨ 2010-жылдын 7-майындагы №42 «СААК «Гидромонтаж», «Кыргызгидроатайынкурулуш», «Гидроэнергокурулуш», «Нарынатайынгидроэнергомонтаж» акционерднк коомдоруна тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция07.05.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 7-майы УӨ №42

"СААК "Гидромонтаж", "Кыргызгидроатайынкурулуш", "Гидроэнергокурулуш", "Нарынатайынгидроэнергомонтаж" акционерднк коомдоруна тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө

"Юридикалык жактарга тышкы башкаруунун жол-жобосун киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №18 Декретине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "СААК "Гидромонтаж", "Кыргызгидроатайынкурулуш", "Гидроэнергокурулуш", "Нарынатайынгидроэнергомонтаж" акционердик коомдоруна тышкы башкаруу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине ыйгарым укуктардын мөөнөтүн белгилөө менен тышкы башкаруучуну дайындоо жана материалдык-техникалык камсыздоо укугу берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева