Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 110
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 25 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин штаттык санынын чеги төмөнкүдөй белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин борбордук аппараты - 48 адам;
- "Манас" республикалык жаштар ордосу - 10 адам;
- аймактык бөлүмдөрү - 20 адам.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин ишин камсыздоо менен байланышкан финансылык маселелерди чечсин.
4. (2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 токтому менен бекитилген |
┌───────────────┐ ┌────────────┐ ┌───────────────────────┐
│ Жаштар кеңеши │<─────┤ Министрлик ├────────>│ Башка мамлекеттик │
└───────────────┘ └─────┬──────┘ │ жана билим берүү │
│ │ мекемелериндеги │
┌──────────────────┴────────┐ │ өкүлчүлүктөр (коомдук │
│ │ │негизде) (каржылоосуз) │
v v └───────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────┐
│"Манас" республикалык│ │Аймактык бөлүмдөр│
│ жаштар ордосу │ │ │
└─────────────────────┘ └─────────────────┘
|
|
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 токтому менен бекитилген |
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин негизги милдеттери жана максаттары
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишинин уюштурулушу
VI. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги (мындан ары - Министрлик) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзөт.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин мамлекеттик бийликтин борбордук жана башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча, эл аралык уюмдар, мекемелер, коомдук жана башка жеке, юридикалык жактар менен эриш-аркак жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары болот, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болот.
5. Министрлик Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменттин укуктук мураскору болуп эсептелет.
6. Министрликтин толук аталышы төмөнкүдөй болуп эсептелет:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги";
- расмий тилде - "Министерство по делам молодежи Кыргызской Республики".
7. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жайгашкан жери: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1.
II. Министрликтин негизги милдеттери жана максаттары
8. Жаш жарандардын өсүшү, өзүн көрсөтүүсү үчүн социалдык-экономикалык, укуктук, саясий жана башка шарттарды түзүү жана жаштардын кызыкчылыгын коргоо аркылуу мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу Министрликтин максаты болуп эсептелет.
9. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жаштар үчүн ишкердикти, маалыматтык-билим берүүнү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү, жаштардын демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
- жаштарды патриоттук, руханий-нравалык тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачыл жана дене тарбиялык өстүрүүгө багытталган максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүнө көмөктөшүү;
- жаштарды ишке орноштурууга, жаш үй-бүлөлөрдүн институтун бекемдөөгө көмөктөшүү;
- программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу, ошондой эле жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик заказды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг, баалоо жүргүзүү жана божомолдоо;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатындагы нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бийликтин аткаруу жана башка бутактарынын органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн, ошондой эле кызыкдар тараптардын эриш-аркак иштөөсүн камсыздоо жана иштерин координациялоо;
- жаштардын коомдук маанидеги демилгелерин колдоо;
- республикада мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-талдоо иштерин жүргүзүү.
III. Министрликтин функциялары
10. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары жана артыкчылыктары боюнча сунуштарды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик жаштар саясатынын башка субъекттеринин катышуусу менен иштеп чыгат;
- карамагына кирген маселелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизет;
- жаштар чөйрөсүндөгү социалдык процесстерди, алардын республикадагы социалдык-экономикалык кырдаалдын абалына жана өнүгүүсүнө тийгизген таасирлерин жана мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууну талдайт жана божомолдойт;
- жаштар үчүн социалдык кызматтардын борборлорунун тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, башка кызыкдар башка мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдары, ошондой эле эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен бирге жүргүзөт;
- бюджеттен тышкары каржылоонун булактарынын эсебинен мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүгө багытталган долбоорлорду белгиленген тартипте ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен тышкары жактарда жаштар уюмдарынын жана жаштардын социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алып, жаш жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого белгиленген тартипте көмөктөшөт;
- жаштар саясатынын субъекттеринин долбоорлорун (программаларын) мамлекеттик колдоону жүргүзөт;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаагындагы активдүү чараларды координациялоону жана ишке ашырууну, ошондой эле жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат;
- жаштарды колдоого багытталган эл аралык келишимдерди, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзөт;
- жаштар саясаты чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштарды белгиленген тартипте түзөт;
- жаштардын проблемаларын чечүүгө, жаш муунду ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иште Кыргыз Республикасынын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары, жеке жана юридикалык башка жактар менен кызматташат;
- мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүгө байланыштуу эл аралык, региондук, республикалык жана жергиликтүү жаштар иш-чараларын белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- зирек жана таланттуу балдарды жана жаштарды издөөгө жана тандоого, алардын андан ары калыптануусуна жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүргүзөт.
IV. Министрликтин укуктары
11. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардан финансылык жана техникалык жардам алууга;
- мамлекеттик жаштар саясаты маселеси боюнча аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан документтерди жана материалдарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин кадрдык ички резервин түзүү жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүргүзүүгө.
V. Министрликтин ишинин уюштурулушу
12. Министрликти Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри (мындан ары - Министр) жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Министрликте статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралат.
Статс-катчыны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
Министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, алар министрге тикелей баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде министрликтин ишин уюштурат.
14. Министр:
- Министрликтин ишин бир жетекчиликтин негизинде жалпы жетектейт жана тапшырылган милдеттердин жана функциялардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы, ага берилген укуктар жана тапшырылган милдеттер тийиштүү түрдө аткарылышы, анын ичинде отчеттук маалыматтардын тууралыгы, финансылык-чарбалык иштин нормаларынын сакталышы жагында тийиштүү түрдө аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмчөлөрдүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитилген сандын чегинде бекитет;
- министрдин орун басарларынын ортосундагы функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт, оперативдүү, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча Министрликтин системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгиленет;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздайт;
- өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка мекемелер менен мамиледе өзүнүн компетенциясынын алкагында Министрликтин атынан чыгат;
- Министрликтин бухгалтердик эсеп жана отчет иштерин уюштурат;
- бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча жеке жоопкерчиликте болот;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшыруусу боюнча жана өз компетенциясынын чегинде мамлекеттердин тийиштүү тараптары, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге, макулдашууларга мыйзамда белгиленген тартипте кол коет;
- Министрликтин кызматкерлерин, аймактык түзүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка бошотот;
- Министрликтин айырмаланган кызматкерлерин ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Министрликтин ведомстволук уюмдарынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын, тескемелерин токтотот, жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
14-1. Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча:
- Министрликтин системасындагы бош администрациялык мамлекеттик кызматка талапкерлерди дайындайт;
- Министрликтин системасындагы администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызмат орундары боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп эсептелет. Коллегиянын калган мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү милдеттүү түрдө кирет.
Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону министр бекитет.
16. Министрликте Жаштар кеңеши өз ишин жүргүзөт, ал коомдук негизде туруктуу иштөөчү кеңешүүчү жана консультациялык орган болуп эсептелет. Кеңештин сунуштары рекомендациялык мүнөздө болот.
Жаштар кеңешин түзүү тартибин, анын курамын жана жобосун министр бекитет.
16-1. Министрликтин алдында курамы 11 адамдан кем эмес Коомдук байкоочу кеңеш (мындан ары - Коомдук кеңеш) түзүлөт. Коомдук кеңеш Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин ишине коомдук контролдоону ишке ашырууда жарандардын катышуусун камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.
Коомдук кеңештин курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, Министрликтин ишине тиешеси бар чөйрөлөрдөн эксперттик коомдордун өкүлдөрү кирет, Коомдук кеңештин чечимдери, сунуштары рекомендациялык мүнөздө болот.
(2011-жылдын 2-июнундагы №281 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу
17. Министрликти жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.