Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-июну № 281
«Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 «Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө» жана 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 «Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө» жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 «Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги жөнүндө жободо:
13-пункттун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
14-пунктта:
төртүнчү абзацындагы «статс-катчы менен» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт;»;
он биринчи абзацындагы «дайындайт жана» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
«14-1. Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча:
- Министрликтин системасындагы бош администрациялык мамлекеттик кызматка талапкерлерди дайындайт;
- Министрликтин системасындагы администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.»;
төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
«16-1. Министрликтин алдында курамы 11 адамдан кем эмес Коомдук байкоочу кеңеш (мындан ары - Коомдук кеңеш) түзүлөт. Коомдук кеңеш Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин ишине коомдук контролдоону ишке ашырууда жарандардын катышуусун камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.
Коомдук кеңештин курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, Министрликтин ишине тиешеси бар чөйрөлөрдөн эксперттик коомдордун өкүлдөрү кирет, Коомдук кеңештин чечимдери, сунуштары рекомендациялык мүнөздө болот.».
2. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |