Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-июлу УӨ № 128
Буруучу каналы бар суу жыйноочу башкы курулманы, МК-2 (Ак-Сай-Коңорчок) магистралдык каналын реабилитациялоо жана суткалык жөнгө салуу бассейнин куруунун программасын бекитүү жөнүндө
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат жерлерин өнүктүрүү жана ирригациялык объекттердин курулушун жандандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буруучу каналы бар суу жыйноочу башкы курулманы, МК-2 (Ак-Сай-Конорчок) магистралдык каналын реабилитациялоо жана суткалык жөнгө салуу бассейнин куруунун тиркелген программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул токтомго карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүүнүн программасын ишке ашырууга "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде аталган Программаны аткаруу үчүн каржылоону карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 128 токтому менен бекитилген |
Бул объекттин долбоордук-сметалык документи 1989-жылы "Кыргызгипроводхоз" долбоорлоо институту тарабынан Ак-Сай суу системасынын тоо этегиндеги зоналарын сугат суу менен камсыздоо максатында иштелип чыккан. Сметалык наркы 1.055 млн. рублди түзгөн.
Объектте төмөнкүлөр пландалууда:
- төмөнкүлөрдү реабилитациялоо:
буруучу каналы бар суу жыйноочу башкы курулманы, узундугу 1,15 км;
МК-2 (Ак-Сай - Коңорчок) магистралдык каналын, узундугу 17,2 км, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,0 куб.м/сек;
- төмөнкүлөрдү куруу:
Ак-Сай суусу аркылуу сугат жер массивинин оң жээгин сугаруу үчүн узундугу 0,40 км болгон дюкерди;
суткалык жөнгө салуу бассейнин, сыйымдуулугу 200,0 миң куб.м;
тармакта 27 ирригациялык курулманы (суу бергичтерди, көпүрөлөрдү, сел өткөргүчтөрдү, акведуктарды, тез агымдуу каналдарды, суу тектирчелерин ж.б.), бул сутканын күндүзгү) мезгилинде сугат суусун үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.
2009-жылы суу жыйноочу башкы курулманын жана жогорку бьефтин агымды багыттоочу дамбасынын курулушу башталган жана Кыргыз Республикасынын мамлекет тик бюджетинин каражаттарынын эсебинен 4 млн.сом суммасына бүткөрүлгөн.
Бул объекттин курулушун аяктоо 500 га жаңы сугат жерди пайдаланууга берүүгө жана 200 т сугат жердин суу менен камсыздалышын жакшыртууга мүмкүндүк түзөт. Объекттин болжолдуу наркы 50 млн.сом.