Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-январы № 30
Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511,КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181, 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 152-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
1-тиркеме
Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн ШАРТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529, 2018-жылдын 27-августундагы № 401 , 2019-жылдын 30-майындагы № 254, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181, 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары төмөнкүдөй белгиленет:
- "Эл" деген ардак наамы бар адамдарга профессорлор, илимдин докторлору үчүн каралган өлчөмдө;
- "Эмгек сиңирген" деген ардак наамы бар адамдарга доценттер, илимдин кандидаттары үчүн каралган өлчөмдө.
2. Эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасына жыл сайын төлөнүүчү өргүүгө төлөөлөр киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн жана мүчө-корреспонденттеринин эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкасы 25 процентке көтөрүлөт.
4. Конкурстардын жана кароолордун калыстарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле конкурстук иштердин рецензенттеринин эмгек акысын төлөө студенттерге окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкалары боюнча жүргүзүлөт.
5. Башка мекемелерден консультация өткөрүү үчүн саламаттык сактоо мекемелерине тартылган врач-консультанттардын эмгек акысын саатына төлөөнүн ставкалары аспиранттарга окуу сабактарын өткөрүүчү адамдар үчүн каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасынын деңгээлинде белгиленет.
6. Сабактардын керектүү сааттарына катышуучу окуу-жардамчы персоналдагы адамдарга эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы 2-тиркемеде каралган эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларынын 50 проценти өлчөмүндө белгиленет.
7. Окуу сабактарын өткөрүүгө катышкан пластикалык позаларды демонстрациялоочу адамдарга кийимсиз же татаал позада тургандыгы үчүн саатына 720 сом, жарым кийимчен – 540 сом, ал эми кийимчен – саатына 360 сом өлчөмүндө акы төлөнөт.
8. Диссертацияны алдын ала рецензиялоо үчүн эмгек акы төлөө кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 5 жана 7 саат эсебинде, илимий секретардын эмгеги үчүн бир диссертацияга 2 саат эсебинде жүргүзүлөт.
9. Диссертация боюнча расмий оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөө эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкасы менен ар бир кандидаттык же доктордук диссертация үчүн тиешелүү түрдө 7 жана 10 саат эсебинде жүргүзүлөт. Бул тартип тиешелүү түрдө доцент (улук илимий кызматкерге) же профессор илимий наамын ыйгарууга берилген сунушту экспертизалоо үчүн акы төлөөдө колдонулат.
10. Доктордук жана кандидаттык диссертациялар, ошондой эле изденип алуучуларга профессор, доцент, улук илимий кызматкер илимий наамдарын ыйгаруунун сунуштары боюнча оппоненттердин (эксперттердин) эмгек акысын төлөөнүн жогорку окуу жайларынын системасы үчүн белгиленген шарттары академиялык, тармактык, аларга теңдештирилген илимий мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын эксперттерине карата колдонулат.
11. Илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу жаатындагы эксперттердин эмгек акысын төлөө бир программа үчүн 7 саат эсебинде жүргүзүлөт.
12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылуучу окутуучулардын эмгек акысы жыл сайын бекитилүүчү окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун алкагында белгиленет.
13. Кыргыз Республикасынын судьяларын жана сот системасынын кызматкерлерин окутууга тартылган окутуучулардын эмгек акысын төлөө окуу программасына ылайык эмгек акыны саатына төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.
2-тиркеме |
Бюджеттик каржылоодо турган мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлерге саатына эмгек акы төлөө ставкалары
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомунун редакциясына ылайык)
№ |
Билим алуучулардын контингенти | Саатына эмгек акы төлөө ставкасы, сом менен | ||
Профессор, илимдин доктору | Доцент, илимдин кандидаты | Илимий даражасы жок адамдар | ||
1 | Жалпы билим берүүнүн кесиптик баштапкы жана орто билим берүү уюмдарында окуган билим алуучулар; башка ушул сыяктуу категориядагы билим алуучулар; жумушчулар; кесиптик орто билим талап кылынган кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер; курстардын угуучулары | 350 | 250 | 200 |
2 | Студенттер | 400 | 350 | 250 |
3 | Аспиранттар, жетекчи кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайларынын угуучулары | 500 | 400 | 350 |
4 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 700 | 700 | 600 |
5 | Окутууга мамлекеттик заказдын алкагында билим алган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 700 | 700 | 600 |
6 | Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот системасынын кызматкерлери | 700 | 700 | 600 |