Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралындагы № 64
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 28-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жол-жобосун андан ары тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспорту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамада:
- «Жалпы жоболор» главасынын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүдө товарларды бажылык тариздөө ушул Нускамада аныкталган учурларды кошпогондо жөнгө салуунун, салык салуунун тарифтик жана тарифтик эмес чараларынын жалпы тартибин колдонуу менен жүргүзүлөт.»;
- «Жалпы жоболор» главасы төмөнкү редакциядагы онунчу абзац менен толукталсын:
«Жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автотранспортту, автотранспортко бөлүктөрдү жана шаймандарды алып өтүүдө бажылык тариздөө ушул Нускаманын II бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.»;
5.1-пункту төмөнкүдөй редакциядагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Наркы 40000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан (эсеп-фактура/инвойско ылайык) өндүрүштүн, ишкердик же башка коммерциялык иштер үчүн арналган товарларды жеке адамдар алып өткөн учурда салыктык, бажылык жана тарифтик жөнгө салууга ылайык бажылык төлөмдөрдү төлөө менен ЖБД колдонулат жана «Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамга ылайык тарифтик эмес чаралар колдонулат.»;
- 5.3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- II бөлүмдүн аталышында жана 6-бөлүмчөдө «автотранспортту» деген сөздөн кийин «, автотранспортко бөлүктөрдү жана шаймандарды» деген сөздөр менен толукталсын;
- 6.1-пунктта:
биринчи абзацы «автотранспортту» деген сөздөн кийин «, автотранспортко бөлүктөрдү жана шаймандарды» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы «автотранспортту» деген сөздөн кийин «, автотранспортко бөлүктөрдү жана шаймандарды» деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган Нускамага № 3 тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган Нускамага № 4 тиркеме төмөнкүдөй редакциядагы 4.5-таблица менен толукталсын:
«4.5-таблица
Товардын коду
| Чыккан өлкөсүнө карабастан 1 кг үчүн АКШ доллары менен бажылык алымдын жана салыктын бирдиктүү ставкасы | Бажылык тариздөөнүн ар бир жол-жобосу үчүн бажылык тариздөөгө бажылык жыйымдардын ставкасы | ||
1000 кг чейин | 1000 кг жогору, бирок 5000 кг көп эмес | 5000 кг жогору | ||
8706009109 8707109000 8707909009 | 3 | 2 эсептик көрсөткүч | 6 эсептик көрсөткүч | 10 эсептик көрсөткүч |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып 1 айдан кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 64 токтомуна тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага № 3 тиркеме
Товардын коду | Жерде жүрүүчү транспорт менен алып келүүдө 1 кг (даана) үчүн бажылык алымдын жана салыктын бирдиктүү ставкасы (товардын чыккан өлкөсүнө карабастан) | Аба транспорту менен алып келүүдө 1 кг (даана) үчүн бажылык алымдын жана салыктын бирдиктүү ставкасы (товардын чыккан өлкөсүнө карабастан) | Бажылык тариздөөнүн ар бир жол-жобосу үчүн бажылык тариздөөгө бажылык жыйымдардын ставкасы | ||
|
| 1000 кг чейин | 1000 кг жогору, бирок 5000 кг көп эмес | 5000 кг жогору | |
41-43, 50-56, 58-65, 67 топтор | 1 кг үчүн 0,20 АКШ долл. | 1 кг үчүн 0,45 АКШ долл. | 2 эсептик көрсөткүч | 6 эсептик көрсөткүч | 10 эсептик көрсөткүч |
».
|
|