Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралы № 65
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
- 16-пунктунун биринчи абзацындагы «0,25 процент» деген цифра жана сөз «1 процент» деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- 17-пункту «толук өлчөмдө» деген сөздөрдөн кийин «ушул Жобонун 16-пунктунун экинчи абзацында каралган жыл сайын төлөнүүчү акыдан алынган каражаттын 60 процентинен башкасы» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |