Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 589
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, 2021-жылдын 10-мартындагы № 86, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 , 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620, 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет-ресурстарынын даректеринде:
- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик комитеттер:";
- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"www.ict.gov.kg Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети";
- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 396 "791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 жана 2-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 401 "Экономиканы демонополизациялоо жана бааны жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын иштери тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги № 248 "Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын мамлекеттик планы жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 65 токтому.
14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |