Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 90
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 375-V токтомуна ылайык четке кагылган
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кезексиз тартипте кечиктирилгис катары кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-жыл, №6, 240-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
36-беренеде:
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Акциялардын мамлекеттик пакети болгон коомдордо директорлор кеңешин түзүү милдеттүү.»;
- 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Мамлекеттик кызматкерлер акциялардын мамлекеттик пакети болгон коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү болушу мүмкүн.».
2-берене.
«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-жыл, №6, 240-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
11-берененин экинчи пунктчасы «негизги иш милдеттерин» деген сөздөрдөн мурда «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.».
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|