Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №92 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 145, 2013-жылдын 15-июлундагы № 411, 2015-жылдын 12-февралы № 55, 2017-жылдын 30-мартындагы № 189 , 2019-жылдын 22-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялар тиешелүү чет мамлекет менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүлөт.
Тигил же бул чет мамлекет менен макулдашууга жараша өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялар ар кандай аталышта болушу мүмкүн, бирок ишинин мазмуну, түзүүнүн жана иштешин уюштуруу принциптери бирдей болууга жана ушул Жобого дал келүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу органы болуп саналып, өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө, Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүнө, убактысына, ордуна байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда жана Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнө визалык колдоо алууда саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтөт.
3. Финансы-кредиттик, аскердик-техникалык, чек аралык жана башка маселелерди жайгаруу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечимдери менен жөнгө салынат.
4. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, административдик ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары башчылык кылат. Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси (кызмат орду боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын секретариатынын сунушу боюнча мурдатан бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Комиссиянын секретариатынын функциясын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Комиссиянын негизги максаттары
7. Комиссиянын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктуу милдеттерине жараша соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосунда кызматташтыктын натыйжалуулугун арттыруу, анын ичинде өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо жана формаларын өркүндөтүү жолу менен арттыруу.
III. Комиссиянын ыйгарым укуктары
8. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн анын ишине катышууга белгиленген тартипте тартууга;
- кызматташуунун жана ар кандай конкреттүү маселелерин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүнөн туруктуу же убактылуу негизде ведомстволор аралык эксперттик же жумушчу топторду түзүүгө;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүктөрү менен макулдашуу боюнча биргелешкен туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарды түзүүгө;
- Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин талап кылуучу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
9. Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйыны зарылдыгына жараша тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өткөрүлөт.
Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйынынын күн тартибинин долбоору тараптардын сунуштарынын негизинде Комиссиянын секретариаты тарабынан түзүлүп, ал Комиссиянын төрагаларына (тең төрагаларына) макулдашууга берилет.
10. Комиссиянын Төрагасы:
- улуттук кызыкчылыктарды илгерилетет жана Комиссиянын протоколдук чечимдерин аткаруунун жүрүшүн жеке контролдойт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйынды даярдоо жана өткөрүү маселесин координациялайт жана контролдойт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен кезектеги жыйындын маселелерин алдын ала иштеп чыгуу максатында Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жыйынын өткөрөт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен пландуу жыйынды өткөрөт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйындын жыйынтыктоочу Протоколуна кол коет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Комиссиянын секретариаты:
- Комиссиянын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйынды өткөрүү мөөнөтү жана орду жөнүндө сунуш даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйынына карата маселелерди иштеп чыгат жана Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйындын күн тартибинин долбоорун жана протоколун даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ишканаларынын сунуштары боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөр менен алдын ала иштелип чыккан жана макулдашылган маселелерди Комиссиянын боло турган жыйынынын күн тартибине киргизет;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйындын күн тартибинин жана протоколунун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштарынын негизинде, Комиссиянын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен жыйында талкуулоо белгиленген маселелерди эске алуу менен Комиссиянын персоналдык курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ишканаларынын жана уюмдарынын сунушу боюнча Комиссиянын күн тартибинин жана протоколунун долбоорлорун даярдоо максатында Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү эксперттик кеңешмелерге катышуу үчүн Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн эксперттеринин курамын түзөт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн секретариаты менен иш боюнча тыгыз байланышты жөнгө салат жана жүргүзөт, түшкөн сунуштарды, суроо-талаптарды жана кайрылууларды иштеп чыгууда ага зарыл көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын Комиссиянын чечимдерин аткаруусун контролдойт;
- Комиссиянын кезектеги отчеттук мезгилдеги протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берет;
- Комиссиялардын иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тартиптик таасир берүү чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралы № 55, 2017-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомдорунун редакциясына ылайык)
12. Өкмөттөр аралык комиссиянын катчысы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы экономикалык бөлүнүшүнүн өкүлү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 411, 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдорунун редакциясына ылайык)
13. Комиссия мүчөлөрү жыйындарга милдеттүү түрдө катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жетекчиси Комиссиянын төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын тиешелүү аткаруу бийлик органы:
- Комиссияны өткөрүү программасын жана делегациянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн келүү программасын иштеп чыгат, Комиссиянын жыйынын даярдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат: тосуп алуу жана узатуу; автоунаа менен камсыздоо; Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн мүчөлөрү үчүн мейманкананы брондоо; фуршеттерди, кабыл алууларды уюштуруу; делегациялардын жетекчилери үчүн сувенирлерди алуу; Комиссиянын жыйынын оргтехника жана канцеляриялык буюмдар менен камсыздоо;
- көчмө жыйындарды өткөрүүдө Комиссиянын чет элдик бөлүгүнүн Секретариаты менен Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн келүү программасын иштеп чыгат жана макулдашат; делегациянын кыргыз бөлүгүнүн келүү жана кетүү күндөрүн макулдашат; авиабилеттерди брондойт; кыргыз делегациясын чет өлкөдө жайгаштыруу маселесин макулдашат, ошондой эле Комиссиянын төрагасын жана мүчөлөрүн Комиссиянын жыйынын өткөрүү үчүн керектүү таратылчу материалдар менен камсыздайт;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жыйынын өткөрүү зарыл болгондо, аны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт (жыйынды өткөрүү мөөнөтүн төрага менен макулдашат жана аныктайт, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүү күнү жана убактысы жөнүндө маалымдайт; Комиссиянын төрагасын жана мүчөлөрүн Комиссиянын жыйынын өткөрүү үчүн керектүү таратылчу материалдар менен камсыздайт);
- жетекчиси тиешелүү Комиссиянын төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын расмий сайтына Комиссиянын иши тууралуу толук маалыматты жайгаштырат.
Эгерде комиссиянын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болсо, алардын Комиссиянын секретариаты менен өз ара байланышта оперативдүү иштешүүсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- Комиссиялардын жыйындарынын протоколдорунун долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен конкреттүү сунуш киргизишет;
- Комиссиянын жыйынын күн тартибине киргизилген маселелерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине макулдашуу боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштеп чыгышат жана протоколдук чечимдердин натыйжалуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартышат;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына киргизүү үчүн өкүлдүн кандидатурасын квалификациялык жана компетенттүүлүк принциптерине жараша аныкташат;
- Комиссиянын катчылыгынан расмий каналдар жана/же электрондук почта менен келген күн тартибинин, Комиссиянын жеке курамы жөнүндөгү протоколдун жана буйруктардын долбоорлорун ыкчам макулдашуу үчүн жооптуу адамдарды аныкташат;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн эксперттеринин курамына киргизүү үчүн адистердин талапкерлигин аныкташат;
- Катчылыкка пайда болгон маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштары менен толук маалыматты өз учурунда беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралы № 55, 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдорунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын аймагында Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен жыйынды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо жетекчиси (жетекчисинин орун басары) тиешелүү Комиссиянын жетектеген Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органына жүктөлөт.
Комиссия мүчөлөрүнүн жана эксперттердин чет өлкөгө барышына байланыштуу чыгымдар жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына Комиссиялардын ишине бюджеттик каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 189, 2019-жылдын 22-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Комиссиянын чет элдик тарабы болгон чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышына колдоо көрсөтөт.